Түрк басма сөзү-11.10.2018

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1066715
Түрк басма сөзү-11.10.2018

«Сабах» гезити «Эрдогандан Африкага маанилүү чакырык» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын Африка өлкөлөрүнө жергиликтүү акча менен биргелешип иш алып баруу чакырыгын салганын жазды. Стамбулда Түркия-Африканын 2-экономика жана ишкердик форумунун ачылышында сөз сүйлөгөн Эрдоган: «Биз бүтүндөй материктин территориясында дипломатиялык миссиябызды күчтөндүрүп жатканда, Африка өлкөлөрү дагы Түркиядагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн сандарын 10дон 33кө жеткирди. Бириккен Улуттар Уюму, Ислам Кызматташтык Уюму сыяктуу эл аралык платформаларда Түркиянын дүйнөлүк тынчтык жана адилеттиктин курулуусу үчүн жүргүзгөн акылуу күрөшүүсүнө африкалык досторубуз күчтүү колдоосун көрсөттү. Эми бардык африкалык досторума, туугандарыма айтуудамын; жергиликтүү акча, улуттук акча менен келгиле биргелешип иш алып баралы»,-деди.

«Хүррийет» гезити «Стамбулдагы жаңы аэропорттун билеттери сатыла баштайт» деген маалыматында Түрк аба жолдору Стамбулдагы жаңы аэропорт үчүн билет сатууларын бир канча күндүн ичинде баштай турганын маалымдаган. Гигант борбордун расмий ачылышынан кийин Түрк аба жолдору, тарифтерин жөнгө сала турган айры ички жана тышкы каттамдарын бул жерден жүргүзөт. Сатууга ачыла турган багыттардын арасында Измир, Анара, Адана, Анталья, Баку жана ТКТР бар. Стамбулдагы жаңы аэророрттун жүргүнчү санынын 70 пайызы Түрк аба жолдоруна таандык болот. Жаңы аэропортко чоң көчүү иши 30-31-декабрда ишке ашырлат.

«Ватан» гезити «Атак жаңы жөндөмдүүлүктөргө ээ болууда» деген маалыматында коопсуздук күчтөрүнүн инвентарындагы «Атак» тик учактарынын саны жаңы тапшыруулар менен артып жатканда, жөндөмдүүлүктөрү өнүктүрүлө турган жаңы тик учактар үчүн иштер уланып жатканын жазган. Байланыш жана электроникалык согуш пакетинин жөндөмдүүлүктөрү арттырылат, жаңы программалар менен жабдылат, Faz-2 пакетиндеги Атак тик учактары үчүн прототиптер боюнча иштер башталды. Атак тик учактары үчүн айрыкча жергиликтүү мотор өнүктүрүлүшү жана 20 мм системасынын жайгаштырылышы пландалууда.

«Хабер түрк» гезити «Муглага келген турист саны 32 пайызга артты» аттуу маалыматында Муглага 9 айда келген чет элдик турист санында өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 32 пайыздык өсүү ишке ашканын жазган. Мугланын маданият жана туризм директорунун милдетин аткаруучу Филиз Каражаагач, Муглага эң көп англис туристтер келгенин айтып, «Муглага эң көп 900075 киши менен англистер келишти. Андан кийин орустардын саны 380487 киши, немистердин саны 177094 киши, украиндердин саны 168165 киши жана поляктардын саны 132895 киши»,-деп айтты.

«Стар» гезити «Жергиликтүү жана чет элдик куурчакчылар борбор шаарда жолугууда» деген кабарында быйыл төртүнчүсү уюштурула турган Эл аралык Анкара куурчак фестивалында 9 өлкөдөн 36 оюн искусство сүйүүчүлөрдүн назарына сунуштала турганын баяндаган. 12-21-октябрь күндөрүнүн аралыгында ишке аша турган жана Анкаранын тил, тарых жана география факультетинин «Фараби» залында «Сократестин акыркы түнү» аттуу оюн менен ачыла турган фестивалдын алкагында, баарлашуулар жана диспуттар өткөрүлөт, семинарлар менен катар, искусство чебери Айше Уйсалдын миниатуралык иштеринен турган «Карагөз фигуралары» көргөзмөсү да искусство сүйүүчүлөрдүн назарына сунушталат.



Тектеш кабарлар