Түрк басма сөзү  02.10.2018

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1060691
Түрк басма сөзү  02.10.2018

«Сабах» гезити «Түрк куралдуу күчтөрүнөн Ирактын түндүгүнө операция: 4 террорист жок кылынды» деген макаласында башкы штабдын төрагалыгынан берилген маалыматта Ирактын түндүгүндөгү Гара аймагына кечээ операция жүргүзүлгөндүгү жазылган. Операциядан кийин жасалган алгачкы иликтөөлөргө караганда  куралдуу 4 террористтин жок кылынгандыгы билдирилди.

«Хүррийет» гезити «Белгилүү тарыхчы Илбер Ортайлыдан чоң жест» деген кабарында президент Р. Т. Эрдогандын белгилүү тарыхчы профессор доктор Илбер Ортайлыны президенттик комплексте кабыл алгандыгын билдирген. Президенттик булактарынан алынган маалыматка караганда профессор доктор Илбер Ортайлы Бештепедеги кабыл алууда жеке китепканасын президенттик комплекстин китепканасына багыштады. Президент Эрдоган да Түркиянын эң чоң китепканасы болууну максат кылган президенттик комплекстин китепканасына  кылган багышынан улам профессор – доктор Илбер Ортайлыга рахмат айтты. Тарыхчы, илимпоз жана жазуучу профессор Ортайлы 2007 – жылы тарых тармагында президенттиктин  «Маданий санат» сыйлыгына да ылайык көрүлгөн.

«Ватан» гезити «Антальяда орус туристтерде рекорд» деген кабарында туризмде бул жылы рекордго жеткен жана сентябрь айынын акырынан баштап 11 миллион 117 миң 460тан ашуун сан менен рекордго жеткен Антальяда орус жана англис туристтердин саны көңүлдөрдү бурду.  Шаарга  биринчи 9 айда 4 миллион 134 миң 102 орус, 531 миң 89 англис турист келген.

«Стар» гезити «АСЕЛСАНдын суу астындагы куралы «Торк» деңиз тесттеринен ийгиликтүү өттү» деген кабарында АСЕЛСАН дүйнөдө чектүү гана санда өлкө иштеген жана жакынкы келечектин эң негизги суу астындагы куралдарынан болушу күтүлүп жаткан Hard-Kill Torpido тууралуу иштерин ишенимдүү кадамдар менен улантып жаткандыгын жазган.  Фирма Түркия илимий жана технологиялык изилдөө мекемесинин колдоосу менен жүргүзгөн иштеринин негизинде кыска убакыттын ичинде торпидого каршы коргонуу торпидосу Торктун прототибин чыгарды жана тажрыйбага ээ боло баштады.

«Йени шафак» гезити «Медицина билимине багыт берген 100 түрк тизмесинде биринчи орунда Азиз Санжар» деген маалыматында Хажеттепе университетинин 46 илимпоз менен «Медицина илимине багыт берген 100 түрк» изилдөөсүнө атын жаздырып, дүйнөлүк медицина билимине тамгасын баскандыгын жазган. "Turkishtime" тарабынан жүргүзүлгөн «Медицина илимине багыт берген 100 түрк» изилдөөсүнүн жыйынтыктарына караганда даярдалган тизмеде биринчи орунда Нобель сыйлыгынын ээси профессор Азиз Санжар орун алды.

 

 

 

 

 

 



Тектеш кабарлар