Түрк басма сөзү 27.09.2018

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1057960
Түрк басма сөзү 27.09.2018

«Стар» гезити «Эрдоган: Германиянын Фетуллахчы террордук уюм ФЕТӨнү террордук уюм катары кабыл алышын каалайт» деген маалыматында президент Р. Т. Эрдогандын 3 күнгө созула турган Берлин сапарынан мурда немис басма сөзүнө макала жазгандыгын билдирген. Германиянын ПКК жана ФЕТӨ менен күрөштү колдошун күтүкөндүгүн баса белгилеген Эрдоган Германиянын ФЕТӨнү террордук уюм катары кабыл алышын каалагандыгын жазган.Түркия менен Германиянын бир соода согушуна тоскоол болуу үчүн орток иш алып баруу керектигин да белгилеген Эрдоган өзгөчө : «АКШнын жоопкерчиликсиз саясаттары дүйнөнү соода согушуна жетелеп жатат»,- деди.

«Ватан» гезити «Европа Биримдигинен Түркияга Идлиб үчүн рахмат» деген кабарында БУУнун башкы ассамблеясынын 73-  жыйынындагы жолугушууларынын негизинде өткөрүлгөн «Европа Биримдигинин үй ээлигиндеги Сирия крзисинин жыйыны» аттуу отурумдун ачылуу сөзүн сүйлөгөн Европа Биримдигинин тышкы карым  - катнаштар жана коопсуздук саясаттарынын жогорку өкүлү Федерико Могерини Сириянын Идлиб аймагында ок атышпоонун сакталышына карата Сочи макулдашуусунун саясында жаңы бир кыргындын жолунун тосулгандыгын белгилеп Түркия менен Орусияга рахмат айтты.

«Йени шафак» гезити «Түркия эл аралык кен байлык фирмасын курат» деген кабарында энергетика жана жаратылыш ресуртары министринин орун басары Митхат Жансыз өлкө тышында кен издөө жана иштетүү иштерин аткаруу үчүн жаңы бир фирма куруларын билдирди. Глобалдык кенчилик базарында таасирдүү бир актер болуу жана Түркиянын чийки зат өткөрүү коопсуздугунун түзүлүшүн максат кылгандыгын билдирген Жансыз ушул максаттын негизинде  өлкө тышында кен изилдөө жана иштетүү иштерин аткаруу үчүн жаңы бир фирманын курулушу үчүн иштердин башталгандыгын белгиледи.

«Сабах» гезити «Кадыкөй сөзсүз саякат кылынуучу райондордун арасында» деген макаласында англис саякат жана туризм журналы «Time Out» дүйнөнүн сөзсүз кыдырылышы керек болгон 50 районун тизмеге алгандыгын жазган. «Time Out» журналы кызматкерлери менен 15 миң киши катышкан сурамжылоону бириктирип бир тизме даярдады.

Стамбулдун Азия тарабында Мрамор деңизинин жээгиндеги Кадыкөй да тизмеге кирди. Маалыматта Кадыкөйдүн жүздөгөн кафе, ресторан, дүкөндөрү менен шаарды тынч отуруп көрүүнү каалагандар үчүн барылышы керек болгон район экендиги баса белгиленген.

«Хүррийет» гезити «Дүйнөнүн эң эски курулушу жана храмы Түркияда» деген кабарында Шанлыурфада күнүбүздөн 12 миң жыл мурдагы мезгилге катталган Гөбеклитепе акыркы мезгилде дүйнөнүн күн тартибине киргендигин жазган. Адамзат курган биринчи храм болуу өзгөчөлүгүнө ээ болгон аянт тарыхтын да жаңыдан жазылышына себеп болду. Билинген эң эски отурукташуу жери курулган аймак туризмге да салымын кошууда. Гөбеклитепе бул жылы ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине кабыл алынды. Казуу аянтынын чоңдугуна көңүл бурулганда аймактагы казуулардын 150 жылга созулушу күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар