Түрк басма сөзү 25.09.2018

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1056299
Түрк басма сөзү 25.09.2018

«Стар» гезити «Эрдоган Малколм Хтын кыздарын кабыл алды» деген маалыматында БУУнун башкы ассамблеясынын 73 -  жыйынына катышуу үчүн АКШнын Нью  - Шаарына барган президент Р. Т. Эрдоган мусулман саясатчы жана адам укуктарын коргоочусу Малколм Хтын кыздары Кабилах жана Илясахты кабыл алгандыгын жазган. Эрдоган жолугушуудан кийин «Дүйнө бештен чоң»  деген темадагы фотографиясына кол коюп Кабилах жана Илясахка белек кылды.

«Сабах» гезити «1 жумада 33 террорист жок кылынды» деген маалыматта ички иштер министрлигинин ички коопсуздук операцияларынын негизинде акыркы бир жумада 20 террористтин жок кылынгандыгын, тогузу тирүү жана жаралуу, төртөөсүнүн багынгандыгын билдирген.

«Ватан» гезити «Стамбул жаңы аэропортунун учуу тесттери аяктады» деген маалыматында транспорт жана базис министри Жахит Турхан президент Р. Т. Эрдоган тарабынан 29 -  октябрда ачыла турган Стамбул жаңы аэропортто ар кандай аба шарттарында учактардын эч бир маселесиз конушуна мүмкүнчүлүк түзө турган ILS системасынын учууларды текшерүү тесттеринин аяктагандыгын айткандыгын жазган. Турхан тейлөөгө киргенде  дүйнөнүн эң чоңу боло турган  аэропртто иштердин чоң ылдамдык менен улантылгандыгын айтты.

«Хүррийет» гезити «Чоң туризм кемелери эс алуу бейишинде» деген кабарында Айдындын Кушадасы районундагы Эгепорт Кушадасы портуна Мальта жана Бахама желектүү кемелердин якорь таштагандыгын жазган. Эгепорт Кушадасы портуна якорь таштаган эки жүргүнчү кеме америкалык жана англистерден турган 1065 туристти шаарга алып келди. Туристтердин бир бөлүгү автобустар менен Ефес байыркы шаары менен Мариям эне үйү сыяктуу тарыхый жана туристтик жерлерди кыдыруу үчүн турга чыгышты. Тур программасына катышпаган туристтер болсо Кушадасы базарын кыдырышты.

«Йени шафак» гезити «Дүйнөгө тизе бүктүрдү» деген кабарында

Улуттук күрөшчү Ариф Өзен Словакиянын Трнова шаарында өткөрүлгөн жаштар боюнча күрөш чемпиондугунда индиялык атаандашы Дупиак Пунианы жеңип дүйнө чемпиону болгондугун, президент Р. Т. Эрдогандын Дүйнөлүк жаштар боюнча күрөш чемпиондугунда алтын медалга ээ болгон Ариф Өзенди куттуктагандыгын жазган.



Тектеш кабарлар