Түрк басма сөзү-24.09.2018

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1055546
Түрк басма сөзү-24.09.2018

«Хүррийет» гезити «Министрлик жарыялады; процедуралар аяктады» аттуу маалыматында Парагвайда Элчилик ачылуусуна карата укуктук процедураларын бүтүргөн Түркиянын борбор калаа Асунсьондогу алгачкы элчиси Армаган Инжи Эрсой боло турганын маалымдаган. Тышкы иштер министрлигинин жарыясында, «Ушул алкакта тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун БУУнун Башкы ассамблеясынын 73-жыйындарынын алкагында Парагвайдын тышкы иштер министри Луис Альберто Кастильони менен Нью-Йоркто жолукту. Жолугушууда, Түркия менен Парагвайдын ортосундагы кызматташтыктардын  арттырылышы багытында саясий эрк тастыкталды»,делди.

«Сабах» гезити «Хүркушту тапшыруу үчүн күн саналууда» аттуу маалыматында Аба күчтөрү командирлигинин билим берүү муктаждыгына жооп берүү үчүн Түркиянын авиация жана космостук өнөр жайы тарабынан өнүктүрүлгөн Хүркуштун алгачкы тапшырылуусунун ноябрь айында ишке ашышы пландалганын жазган. Бардыгы 15 учактын тапшырылышынын 2019-жылдын биринчи жарымында аякташы көздөлүүдө.

«Стар» гезити «Чоң сыйлык түрк инженерлердики» деген маалыматында түрк инженерлери тарабынан өнүктүрүлгөн Форд Тракстын жаңы сүйрөгүчү F-MAX, Эл аралык 2018 Ганновер соодалык унаа жарманкесинде жарманкенин эң чоң сыйлык болгон «Эл аралык жылдын унаасы» сыйлыгына ылайык көрүлгөнүн баяндаган. Форд Отосандын башкаруу кеңешинин төрагасы жана Коч холдингдин башкаруу кеңешинин төрагасы милдетин аткаруучу Али.Й.Коч: «F-MAX менен экспортто жаңы жолдорду ачып өлкөбүздүн экономикасына дагы көп салым кошобуз»,-деди.

«Ватан» гезити «Жапжаңы дестинация» деген макаласында Түркия туризминде альтернативалык дестинация изденүүсү Жаңы экономикалык программасында (ЖАП) орун алганын жазган. Буга караганда Кытай жана Япония баш болгон Ыракы Чыгыш өлкөлөрү жана Индия үчүн жаңы долбоорлорду өнүктүрөт. Бул максатталган базарларда Түркиянын имиджи дагы да күчтөндүрүлөт. Түркиянын саясат агенттиктери бирикмесинин (TÜRSAB) башкаруу кеңешинин төрагасы Фируз Баглыкая, ЖАП менен туризмчилерге миссия жүктөлгөнүн жана мунун ишке ашырууга аракеттене тургандарын айтты.

«Хабер түрк» гезити «Үч жаңы тынч шаар бар» деген маалыматында Мугданын Көйжегиз, Битлистин Ахлат жана Эрзинжандын Кемалие райондору «тынч шаар» болоорун жазган. Cittaslow (Тынч шаар) координация кеңешинин жыйналышы Италиянын Торино шаарында өттү. Cittaslow  жетекчисинин орун басары, Cittaslow Түркия координатору жана Сеферихисар мэри Тунч Сойер, Cittaslow Түркия желесине катышуу үчүн кайрылган Көйжегиз, Ахлат жана Кемалиенин талапкерлик документтерин кеңешке тапшыргандарын белгиледи.



Тектеш кабарлар