Түрк басма сөзү 07.09.2018

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1045123
Түрк басма сөзү 07.09.2018

«Йени шафак» гезити «Түрк коргонуу өнөр жайынын эсеп – кысап кемчилиги 10 миллиард түрк лирасы чегин ашты» деген маалыматында түрк куралдуу күчтөрүн күчтөндүрүү фонду караштуу болгон өнөктөштүктөрү болгон жана коргонуу өнөр жайынын адмирал кемеси катары мүнөздөлгөн фирмалар өткөн жылкы перформанстары менен 10, 5 миллиард лиралык эсеп – кысап кемчилигине жеткендигин жазган.

Өнүктүрүлгөн, улуттук, жаңычыл продукция жана системалардын өлкө тышына экспорттолушундагы өсүү менен коргонуу өнөр жайы башта болуп, түрк өнөр жайына чоң салым кошууда. Түрк коргонуу фирмалары дүйнөнүн эң чоң 100 коргонуу өнөр жайы фирмаларынын арасында орун алды.

«Хүррийет» гезити  «Түркиянын саналуу жерлеринин бирөөсүнө барган киши дагы бир жолу барууда» деген маалыматында Антальянын Ибради районундагы Түркиянын эң чоң,  дүйнөнүн үчүнчү чоң жер астындагы көлүнө ээ болгон Алтынбешик үңкүрү ар мезгил жергиликтүү жана чет элдик туристтердин эң көп кызыккан жери болгондугун жазган. Суусу минералдуу жана көгүлтүр түстөгү  көл үңкүрдүн ичине кирген нурлар менен келгендерди өзүнө тартат. Деңиз деңгээлинен 450 метр бийиктиктеги үңкүргө 400 метрдик узундукта бир жер астындагы көлгө кайык менен кирүүгө болот.

«Ватан» гезити «Немис туристтердин Түркияга келиши барган сайын өсүп баратат» деген кабарында бул жылдын 7 айында өткөн жылга караганда 20 пайыздык өсүү менен 2 миллион 321 миң немис турист Түркияга келип, немистердин алдыңкы туризмчилери дагы көп жарандарынын Түркияга келери боюнча билдиришкендигин кабарлаган. Германиянын негизги изилдөөчү фирмаларынан Трево Тренддин башкы директору Маттис Ланге : «Түркия абдан ылайыктуу өлкө. Акыркы бир минутада да резервацияларда көптөгөн талап бар»,- деди.

«Стар» гезити «Түркиянын алгачкы авиация, космос жана технология жарманкеси Текнофест» деген маалыматында Түркиянын алгачкы авиация, космостук жана технология фестивалы болго Текнофесттин 20 – 23 -  сентябрь күндөрү Стамбул жаңы аэропортто өткөрүлөрүн билдирген. Фестивалда технологиялык жарыштар, авиациялык иш чаралар, семинарлар, эл аралык демилге саммити жана башка иш чаралар өткөрүлөт. Жарыштар «Адамзатка пайдалуу технология, учкучсуз аба аппараты, модель учак, кишисиз суу астындагы системалар, роботтук Фетих 1453, жасалма мээ, ракета, учкучсуз аба унаалары ИХА, айдоочусуз кургактык унаалары, модель спутник, согушкан учкучсуз аба аппараттары» болуп 12 башка категориядан турат.

«Сабах» гезити «Аба жолунун жүргүнчү саны август айында өстү» деген кабарында Түркияда аба жолунун жүргүнчү саны август айында жылдык 4, 8 пайыздык өсүү менен 22, 8 миллионго жеткендигин билдирген. Чет элдик жүргүнчү саны болсо ошол эле мезгилде 10, 8 пайызга жогорулады. Январь  - август мезгилиндеги жүргүнчү саны да 12, 5 пайыздык өсүү менен 143, 2 миллионго жетти.

 



Тектеш кабарлар