Түрк басма сөзү  29.08.2018

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1039805
Түрк басма сөзү  29.08.2018

«Сабах» гезити «Ф  -35 менен алгачкы учуу» деген маалыматында түрк аскердик учкучу АКШда учуу машыгууларынын негизинде Ф  - 35 учагы менен биринчи учушун аткаргандыгын жазган. Тапшырылып алынган Ф  - 35 учагы түрк аба күчтөрү командирлигинин инвентарына кирген биринчи бешинчи муундагы аскердик учак болуу өзгөчөлүгүнө ээ. Ээ болгон ценсордук технологияларга жана радар системасы сыяктуу жогорку жөндөмдүүлүктөр менен аба күчтөрү командирлигинин операциялык иш чараларында үстөмдүктү түзө турган Ф  - 35 учактарынан Түркия баскыч түрүндө 100 даана алууну пландап жатат.

«Хабер түрк» гезити «Расмий резервдер июль айында өстү» деген кабарында Түркия республикасынын Борбордук банкы 2018 -  жылдын июль мезгилинде эл аралык резервдер жана валюта ликвидация өнүгүүлөрүн билдиргендигин жазган. Ушуга караганда расмий резервдер андан мурунку айга караганда 2, 4 пайызга өсүп, 100, 7 миллиард долларлык деңгээлде ишке ашты.

«Йени шафак» гезити «Америкалык фонддон абдан маанилүү түрк облигациялары чечими» деген маалыматында АКШ  борбору болгон фонд фирмасы Нойбергер Берман, түрк банктарын валюта облигацияларындагы инвестицияларын коргоо чечимин чыгарды. Мекеменин башкаруучусу Вивек Бомми : «Түркияда инвестиция салган чоң мекемелер менен банктардын абалы жакшы»,- деди.

«Ватан» гезити «Витриналар кытайлык жана арап туристтерге ылайык болот» деген кабарында даяр кийим секторунун Түркияны сооданын бейиши кылуу жолунда ишенимдүү кадамдар менен бара жаткандыгын жазган. Түркиянын өзгөчө Жакынкы Чыгыш жана Ыраакы Чыгыштын соода базасы болорун белгилеген сектордун өкүлдөрү коллекцияларын да жаңы талапка карата өзгөртө баштады. Чет элдиктердин соода кылуу үчүн Түркияга келе баштагандыгын көргөн даяр кийим  секторунун өкүлдөрү жаңы сезон коллекцияларын чет элдиктерге карата даярдап жатат. Чет элдиктердин Түркияга бир гана деңиз үчүн келбей тургандыгын,  соода кылуу үчүн да келерин айткан сектордун өкүлдөрү өзгөчө Түркиянын Жакынкы Чыгыш жана Ыракы Чыгыштын соода базасы болорунда бирдей пикирде.

«Стар» гезити «Чыгыш Анадолу байкоо үйү 2020 ишке кирет» деген маалыматында Түркиянын эң чоң космостук изилдөө проектилеринин арасында орун алган Чыгыш Анадолу байкоо үйү үчүн артка карай саноо башталгандыгын жазган. Эрзурумда 3 миң 170 бийиктиктеги Конаклы Каракайа дөңсөөлөрүнө курулган Чыгыш Анадолу байкоо үйү классында жалгыз болуу өзгөчөлүгүнө ээ телескобу менен космостун тереңдиктерин жер шарына алып чыгат.

Дүйнөнүн эң өнүккөн технологиясына ээ 3 байкоо үйүнүн арасында орун ала туган Чыгыш Анадолу байкоо үйү 2020 – жылдын ичинде ишке кирет. Байкоо үйүнүн кызматка кириши менен бирге дүйнөнүн алдыңкы астрофизик жана космостук илимпоздору Эрзурумга келишет.

 



Тектеш кабарлар