Түрк басма сөзү 10.08.2018

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1029556
Түрк басма сөзү 10.08.2018

«Хабер түрк» гезити «БУУнун Түркия тууралуу билдирүүсү» деген маалыматында БУУнун Сирия боюнча кеңешчиси Ян Эгеланн, Сириянын Идлиб шаарындагы миллондогон жарандын коркунучта турганын айтканын билдирген. Ян Эгеланн Идлибде ыктымалдуу кагылышууну алдын алуу үчүн Түркия, Орусия жана Ирандын кызматташаарын белгиледи. Эгеланн зарыл болгон учурда Түркияга чакырык сала турганын жана Анкара жетекчилигинен аймактан качкан жарандарга каалгаларын ачуусун өтүнүшү мүмкүн экенин айтты.

«Хүррийет» гезити «Стамбулдагы жаңы аэропорттун 95 пайызы бүткөрүлдү» аттуу маалыматында Стамбулдагы жаңы аэропорттон алгачкы учуунун күнү жана багыты белгилүү болгонун билдирген. 95 пайызы бүткөрүлгөн аэропортко көчүү иштери 29-октябрда башталат. Стамбулдагы жаңы аэропорттон алгачкы каттам болсо 31-октябрда саат 14.00тө Стамбулдан Анкарага жүргүзүлөт. Чет өлкөгө алгачкы учуулар да Түндүк Кипр Түрк Республикасы менен Азербайжанга болот.

«Сабах» гезити «Түрк аба жолдорунун жүргүнчү саны өстү» деген маалыматында Түрк аба жолдорунун жүргүнчү саны быйылкы жылдын январь-июль айларынын аралыгында өткөн жылдын тийиштүү айына салыштырмалуу 15,2 пайыз өсүп 43,2 миллион болгонун билдирген. Жүргүнчү санындагы өсүү ички каттамдарда 17 пайыз, тышкы каттамдарда болсо 13,8 пайыз болду.

«Стар» гезити «Коргонуу өнөр жайы башкармалыгы менен АСЕЛСАНдын ортосунда HAVA SOJ долбоорунун келишимине кол коюлду» аттуу маалыматында Түркия жегиликтүү жана улуттук коргонуу системаларына дагы бир жаңысын кошконун билдирген. Коргонуу өнөр жайы башкармалыгы менен АСЕЛСАНдын ортосунда Аба платформасында алыстан элетрондук колдоо/электрондук чабуул коюучу жөндөмдүүлүгү (HAVA SOJ) долбоорунун келишимине кол коюлду. Келишимге караганда 4 даана электрондук согуштук атайын кызмат учагы, 2023-жылы Түрк аба күчтөрүнүн инвентарына кирет. Бул системага бириктирилген учактар согуш учурунда курал, тынчтык мезгилинде болсо баш тарттыруучу элемент катары колдонулат. Система аркылуу Түрк аба күчтөрү маанилүү күчкө эгедер болмокчу.



Тектеш кабарлар