Түрк басма сөзү 6.08.2018

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1026572
Түрк басма сөзү 6.08.2018

«Ватан» гезити «Тышкы иштер министрлиги Грецияга каршылык көрсөттү» аттуу маалыматында Түркиянын Тышкы иштер министрлигинин катчысы Хами Аксой Грециянын адилет министри Ставрос Контонистин, Түркияда изделген террористтердин тизмесинде орун алган Марксист-Ленинск партиясынын мүчөсү Тургут Каянын тапшырылышын четке кагышына каршы чыкканын билдирген.

«Хабер түрк» гезити «Министр Пекжан соода-сатыктын жаңы жол картасын жарыялады» деген маалыматында соода министри Рухсар Пекжан Түркиянын экспортко карай кадамдарынын улана турганын айтканын жазган. Пекжан: «Таасирдүү жана өлкөлөргө атайын стратегиялар менен жаңы базар экономикаларына киребиз. Ушул алкакта Кытай, Латын Америка, Индия, Мексика жана Африка сыяктуу потенциалдуу рынокторго багыт алабыз»,-деди.

«Стар» гезити «Түркиянын автоунаа секторунун экспорту июлда артты» деген маалыматында автоунаа өнөр жайынын июль айындагы экспорту, өткөн жылдын тийиштүү айына салыштырмалуу 13,8 пайыз өсүп 2 миллиард 765 миллион долларга жеткенин билдирген.

«Хүррийет» гезити «Ла Маншты эң ылдам түрк айымы сүзүп өттү» деген маалыматында спортчу Бенгису Авжы, Англия менен Францияны бөлүп турган Манш деңизин эң ылдам сүзүп өткөн түрк айымы деген наамды алганын билдирген. Англиянын жээгиндеги Довер шаарынан сууга кирген Авжы, 11 саат 29 мүнөттөн кийин Франция жээгиндеги Кэп Блан Незге жетти. Жылуулугу 14-17 градус болгон сууда жаш спортчу 36 километр тынымсыз сүздү.

«Сабах» гезити «Түркиянын алгачкы электрдүү автобусу Хажеттепеде кызмат көрсөтөт» аттуу маалыматында Түркиянын эң ылдам заряддалуучу электрдүү автобусу Анкарадагы Хажеттепе университетинде студенттерге кызмат көрсөтө турганын билдирген.  



Тектеш кабарлар