Түрк басма сөзү 3.08.2018

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1025138
Түрк басма сөзү 3.08.2018

«Хүррийет» гезити «Трампка каршылык көрсөтүлдү» аттуу маалыматында АКШнын президенти Дональд Трамптын чечими менен Түркиянын эки министрине санкция киргизилишине катуу каршылык көрсөтүлгөнүн билдирген. Буга каршы саясаттан сот органдарына чейин, иш дүйнөсүнөн жарандык коомдук уюмдарга чейин көптөгөн тармактан билдирүүлөр айтылды.

«Сабах» гезити «Мына Брансондун ФЕТӨ жана ПКК менен байланышы» аттуу макаласында тыңчылык кылып жана Фетуллахчы террор уюму (ФЕТӨ) менен ПККнын атынан кылмыш кылгандыгы боюнча Измирде соттолгон жана үй абагында жаткан америкалык кечил Эндрю Брансон тууралуу даярдалган айыптоодо, ФЕТӨнүн жетекчилери менен байланышы өз-өзүнчө тизмектелгенин билдирген. Айыптоо тыянагында Брансондун кызмат жери Измир болгонуна карабастан ПКК үчүн жеке өзү Чыгышка барып кантип иштегендиги да ортого салынган.

«Ватан» гезити «Коркунучтарга Кангал бөгөт болот» деген маалыматында АСЕЛСАН тарабынан долбоорлонуп унаа жана бомбаны зыянсыздаштыруучу түрдөгү сигналдарды бузуучу жаңы системалар коопсуздук күчтөрүнүн инвентарына киргенин билдирген. Булар алыстан башкарылган системалар аркылуу жасалган кол салуулардын таасирсиз кылынышын камсыздайт. Кангал унаасы түрүндөгү системалар коопсуздук күчтөрүнүн унааларына бириктирилип, жолдорго тузак катары коюлган жарылуучу заттардын жарылуусуна бөгөт болот.

«Стар» гезити «Байыркы Аяш театры 2 миң жылдан кийин ачылууда» аттуу маалыматында  Мерсиндин Эрдемли районунда жайгашкан жана Рим доорунан калган 2 миң жылдык байыркы Аяш театры, 3-8-август күндөрүндө өтө турган фестиваль үчүн ачыла турганын билидирген.

«Йени шафак» гезити «Бешикташтын жеңиши» деген маалыматында Түркиянын Бешикташ командасы УЕФА Европа лигасынын экинчи тандоо турунда, Фарер аралдарынын өкүлү B36 Торсхавн командасын 6-0 эсебинде утуп алганын билдирген.



Тектеш кабарлар