Түрк басма сөзү-2.08.2018

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1024674
Түрк басма сөзү-2.08.2018

«Стар» гезити «Тышкы иштер министрлиги: АКШнын опузалоочу мамилесине жооп берилет» аттуу маалыматында Түркиянын тышкы иштер министрлигинин АКШнын 2 түрк министрине санкцияны камтыган чатактуу чечимине каршы чыкканы маалымдалды.  Министрликтин АКШ башкаруучулугун чатактуу токтомунан баш тартууга чакырган жазуу түрүндөгү жарыясында, «Санкция токтомун катуу айыптайбыз. Эч бир максатка кызмат кылбай турган аты аталган опузалоочу мамилесине кечиктирилбестен өзүндөй жооп кайтарылат. АКШ башкаруучулугун жаңылыш токтомдон кайтууга чакырабыз»,делди.

«Сабах» гезити « Өлүм жазасы тууралуу Эрдогандын маалымдоосу» аттуу кабарында президент Режеп Таййип Эрдогандын Хаккаринин Йүксекова районунда ПКК террористтеринин жолго көмгөн жарылуучу заттын жарылышынан шейит кеткен аскер жубайы жана ымыркай баласынын жаназа зыйнатында сүйлөгөн сөзүндө, «Өлүм жазасы туурасында сезимталдыгымды билесиздер. Бардык маселе парламентке келген учурунда, парламенттен өткөн учурунда мен үчүн бекитпөө деген нерсе болбойт, бекитемин»,-дегенин банядаган.

«Йени ашфак» гезити «34 миң сириялык жашаган 5 баш калкалоочу борбор жабылууда» аттуу маалыматында президент Эрдогандын шайлоодон мурда жарыялаган, «Сириялык коноктор өз жерлериндеги коопсуз аймактардагы үйлөрүнө кайтуулары камсыздалат» деген сөздөрүнүн алгачкы кадамы ташталып жатканын жазган. Газиантеп, Адыяман жана Мардинде сириялыктар баш калкалаган 5 убактылуу баш калкалоочу борбор жабылып, лагерде жашаган 34180 баш калкалоочу чек ара аймактарындагы жаңы лагерлерге жайгаштырылат.

«Хүррийет» гезити «Эгейде орчундуу милдет! Түрк инженерлери жасады, дүйнөнүн эң ылдамы болду» деген маалыматында түрк инженерлери тарабынан жасалган, дүйнөнүн эң ылдам жана радарга кармалбаган Суу астынан чабуул коюучу дестанттарды (SAT) өткөрүү катерлеринен «Йонжа-Онук» Бодрумга келгенин жазган. Катерге жай бою Бодрум жана маалалары Йалыкавак, Гүмүшлүк, Тургутреис, Акйарлар, Битездин жээктери менен Кардак жарчаларынын ортосундагы аймакта мыйзамсыз качкындар жана грек жээк коопсуздук катерлеринин Түркиянын деңиздерин бузуусунун алдын алуу, капыстан чабуул милдети берилгени белгилүү болду.

 «Ватан» гезити «Кападокияда европалык туристтер көбөйүүдө» аттуу маалыматында Кападокияда тартылган сериал жана кинолор аймактагы европалык туристтердин санынын көбөйүшүнө чоң салым кошконун баяндаган. Пери морлору, учкан шарлары, жер астындагы шаарлары жана коктулары менен атактуу Кападокия аймагында акыркы мезгилде европалык туристтер абдан көбөйдү. Европада көрсөтүлгөн «Todeo Jones 2: Падыша Мидастын сыры» аттуу кино тасманын чоң салымы бар.

 

 



Тектеш кабарлар