Түрк басма сөзү-01.08.2018

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1023676
Түрк басма сөзү-01.08.2018

«Сабах» гезити «Президенттиктин басма сөз катчысы Калындын орчундуу маалымдоолору» аттуу кабарында Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калындын «Улуттук коопсуздук кеңешинде да каралганы сыяктуу чөйрөбүздө, өлкөбүздө, аймактык жана глобалдык жагдайлардан келип чыккан коопсуздук коркунучтары жана рисктерине каршы да күрөшүүбүз тынымсыз уланат»,-деп айтканын жазган. Сириядагы жарандык согуштун саясий чечүүчү жол табуу менен жыйынтыкталышына карата иштерге токтолгон Калын, муну менен тийиштүү бир катар саясий киришүүнүн дагы деле уланганын жана булардан бирөөнүн Сочидеги жыйналыштар экенин эске салды.

«Стар» гезити «Шанлыурфада Сириянын чек арасына 6 метрдик түрк желеги илинди» аттуу маалыматында Шанлыурфанын Акчакале муниципалитети тарабынан чек арадагы күзөт жайынын бакчасындагы флак штокко 6 метр узундуктагы 4 метр кеңдиктеги Түркия желегин илгенин маалымдаган. Желектин жикчил террор уюму ПКК/ПЙДнын көзөмөлүндөгү Тель-Абяттан да даана көрүнүп турганын белгилеген.

«Йени шафак» гезити «Жергиликтүү учкучсуз учуучу аппарат «Улак» кылмышкердин изин кууйт» аттуу маалыматында Түрк коргонуу өнөр жайы өнүктүргөн учкучсуз учуучу аппарат долбоорлоруна «Улак» да кошулганын жазган. Туруктуу жана айлануучу канаты бар учкучсуз учуучу аппарат өзгөчөлүктөрү болгон «Улактын» жылдын акырында жасалып чыгышы жана аппаратка жаңы жөндөмдүүлүктөр кошулушу максатталууда.

«Хүррийет» гезити «Сабиха Гөкчен аэропортунун жүргүнчү саны 41 миллионго жетет» деген маалыматында Стамбулдагы эл аралык «Сабиха Гөкчен» аэропортунда 26 миллион евролук инвестиция менен ишке ашырылган жаңы ички каттамдар терминалынын кошумча имаратынын ачылышы жасалганын маалымдаган. Кошумча имарат менен аэропорттун жылдык жүргүнчү саны 41 миллионго жетет.

«Ватан» гезити «Туризм кирешелеринде рекорддук өсүү» деген маалыматында Түркиянын туризм кирешеси жылдын биринчи чейрегинде өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 30,1 пайыздык өсүү болуп 7 миллиард 44 миллион 591 миң долларга жеткенин баяндаган.



Тектеш кабарлар