Түрк басма сөзү-31.07.2018

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1022948
Түрк басма сөзү-31.07.2018

«Сабах» гезити «АКШнын коркутуучу тили кабыл алынбайт» аттуу маалыматында Президенттик Өкмөт системасы иштей баштоосунан кийин жаңы түзүлүшү менен президент Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилигинде алгач ирет чогулган Улуттук коопсуздук кеңешинин билдирүүсүндө, АКШ тарабынан Түркияга каршы айтылган коркутуучу тилинин карым-катнаштарды урматтабоочулук болгону жана эч качан кабыл алынбай турганы айтылганы баяндалды.

«Ватан» гезити «АКШдан Түркияга орчундуу сапар» аттуу маалыматында АКШнын Европа күчтөрү жана НАТОнун шериктеш күчтөр кыймыл командири, армия генералы Кертис Скапарроттинин 1-август шаршемби күнү (эртең) Түркияга келип Сирия темасында жолугушууларды өткөрө турганын маалымдаган.

«Йени шафак» гезити «Кытайдын көзү Түркия базарында» деген маалыматында Кытайдагы кооздук буюмдар жарманкесин кыдырган түрк ишкерлерин коштогон кытайлык жооптуу кызматкерлер Түркиянын базарына кирүүгө даяр болгондорун айтып, бул жерден берки Европа өлкөлөрүнө чыгууну максаттагандарын айтканын баяндаган.

«Йени шафак» гезити «Косова алгачкы шамалдан электр энергиясын өндүрүүчү станция үчүн Түркия менен келишим түздү» деген маалыматында Косовонун алгачкы шамалдан электр энергиясын өндүрүүчү станциясынын сатылышы боюнча келишим түзүлгөнүн белгилеген. Косового инвестиция салган түрк фирмалары Гүнеш холдингге таандык «Китка шамал энергиясы станциясында» 95 миллион 600 миң киловатт/саат жылдык электр энергиясы өндүрүлүп чыгышы күтүлүүдө.

«Стар» гезити «Памуккалеге келген турист саны 780 миң 207ге жетти» деген маалыматында Денизлинин губернатору Хасан Карахандын, «2017-жылдын январь-июнь мезгилинде Памуккалеге келген турист саны 535 миң 275 киши болсо, 2018-жылдын биринчи жарымында бул сан 780 миң 207 кишиге жетти»,дегенин берген.



Тектеш кабарлар