Түрк басма сөзү 30.07.2018

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1022166
Түрк басма сөзү 30.07.2018

«Ватан» гезити «Мамиле өзгөртүү Трамптын маселеси» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдоган, Түштүк Африка сапары убагында түрк журналисттерге АКШлык кечил Эндрю Брансон туурасында маалымат бергенин билдирген. Ак үй жана АКШнын Коргоо министрлиги Пентагондон айтылган Брансон тууралуу айтымдарга жана АКШнын президенти Дональд Трамптын мамилесин өзгөрткөнүнө сереп салган Эрдоган, мамиле өзгөртүүнүн өзүнүн эмес Трамптын маселеси болгонун белгилеп, айтылбаган нерселердин айтылган сыяктуу көрсөтүлүшүн туура деп эсептебегендерине басым жасады.

«Сабах» гезити «Эрдоган Ахид Темими менен сүйлөштү» деген маалыматында президент Эрдоган Израиль аскерлери тарабынан камакка алынып эркин кое берилген Ахид Эт-Темими менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн билдирген. Эрдоган «Ханзала тайманбастык» сыйлыгынын ээси палестиналык кыз Ахид Эт-Темимини тайманбастыгынан улам куттуктады. Эрдоган Темиминин эркин кое берилишинин кубандыруу экенин баса белгиледи.

«Стар» гезити «Киевден Кайсериге түз каттамдар жүргүзүлөт» аттуу маалыматында тарыхый Жибек Жолунун кесилишинде жайгашкан Түркиянын Кайсери шаарына Украинанын баш калаасы Киевден түз учак каттамдарынын баштала турганын билдирген.

«Йени шафак» гезити «Памуккаледеги «бейиш каалгасы» зыяратка ачылат» деген маалыматында БУУнун Билим берүү, илим жана маданият уюмунун (ЮНЕСКО) Дүйнөлүк мурастар тизмесинде орун алган байыркы Хиераполис шаарында 5 жыл мурда археологиялык казууларда чыгарылган Плутоний б.а «бейиш каалгасы», оңдоп-түзөө иштери аяктагандан кийин сентябрь айында зыяратка ачылаары пландалууда.

«Стар» гезити «Германияда Мен Өзилмин» митинги» аттуу маалыматында Германиянын борбор шаары Берлинде жүз миңдеген кишинин катышуусунда түрк тектүү футболчу Месут Өзилге колдоо митинги өткөрүлгөнүн жазган. Өзил улутчулдук жана бөлүүчүлүктүн себебинен немис улуттук курамасынан чыгып кеткен болчу.



Тектеш кабарлар