Түрк басма сөзү-26.07.2018

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1019921
Түрк басма сөзү-26.07.2018

«Йени шафак» гезити «Иранга санкция киргизүүгө Эрдоган так жооп кайтарды» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын «Ислам Кызматташтык Уюмунун кезектеги жетекчиси» сыпаты менен атайын чакыруу алган Бразилия, Орусия Федерациясы, Индия, Кытай Эл Республикасы жана Түштүк Африка Республикасынан турган БРИКСтин 10-Саммитине катышуу үчүн Түштүк Африкага учуп кетээр алдында аэропортто медиа мүчөлөрүнө маалымат бергенин жазган. АКШнын Иран темасындагы кадамдарына токтолгон Эрдоган: «Иран коңушубуз жана стратегиялык өнөктөшүбүз болуп саналат»,-деди.

«Сабах» гезити «Чоң инвесторлордун көздөгөнү бизбиз» деген маалыматында Түркиянын максаттарын көздөй чуркай турганын айткан президент Режеп Таййип Эрдогандын «Атайын кеңселерди куруудабыз, чоң инвесторлордун көздөгөнү эми түздөн –түз Президенттик болот»,дегенин баяндаган.

«Ватан» гезити «Соода согуштары Түркиянын экономикасына оң чагылышуусу мүмкүн» аттуу маалыматында Эл аралык насыя рейтинг баасын берүүчү мекеме Fitch Ratingsтин жарыясына караганда АКШ жана Кытайдын ортосундагы соода согуштарынын таасирин арттырып улантышынын Түркиянын экономикасынын өсүүсүнө 2019-жылы 0,1 пайыздык, 2020-жылы болсо 0,2 пайыздык оң таасири көрүнө турганын божомолдогонун жазган.

«Стар» гезити «TÜPRAŞ Лондондо соода кеңсесин ачууда» аттуу маалыматында Түркиянын Мунай зат тазалоочу жайлары акционердик коомунун (TÜPRAŞ) экспорт жана импорт операцияларына жардам бериш үчүн камсыздоо жана сатуу чынжырынан кошумча нарк алуу максатында Англиянын борбор шаары Лондондо кеңсе ача турганын маалымдаган.

«Ватан» гезити «Туризмде жумуш менен камсыздоо 1 миллиондон ашты» деген маалыматында туризм секторунда 2018-жылдагы жумуш менен камсыздоо саны 1 миллиондон ашканын белгилеген. 2017-жылга салыштырмалуу 17,5 пайызга арткан жумуш менен камсыздалгандардын саны 1 миллион 83 миң 695ке жогорулады.

 



Тектеш кабарлар