Түрк басма сөзү 23.07.2018

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1017322
Түрк басма сөзү 23.07.2018

«Сабах» гезити «Тарыхый саммит болду» аттуу маалыматында казына жана каржы министри Берат Албайрак Аргентинадагы Чоң жыйырмалыктын жыйналышынын абдан натыйжалуу өткөнүн белгилеп: «Чындап эле дүйнөлүк соода өтө оор сыноолордон өтүп жаткан мезгилде жана Түркия үчүн да жаңы мезгилдин башталгычы болгондуктан биз үчүн тыгыз экономикалык дипломатияны камтыган тарыхый жана орчундуу саммит болду»,-дегенин жазган.

«Ватан» гезити «Түркияны F-35тер менен жазаландырбагыла» деген маалыматында АКШнын коргоо министри Жеймс Маттис Конгрессти, Түркиянын Орусиядан ракеталык коргонуу системасын сатып алуу пландарынан улам F-35 учактарынын өндүрүшү жана сатылышын камтыган программадан четтетилип жазаландырылбашы керектиги боюнча эскерткенин билдирген.

«Стар» гезити «Орто жана узак мөөнөттүү улуттук технология саясаттары даярдалат» аттуу маалыматында коргоо өнөр жайындагы технологиялык өнүгүүлөр улуттук технологиянын негизинде орто жана узак мөөнөттүү саясаттарга чагыла турганын бидирген. Жаңы мезгилде Түркиянын максаты, жогорку технология аркылуу дүйнөлүк жана престиждүү бренддерди чыгарып жасалма акылда алдыңкы, акылдуу технологияларда лидер, маалыматтарды иштеп чыгууда борбордук өлкө болуу экенин жазган.

«Йени шафак» гезити «Германиялык туристтердин Түркияга болгон кызыгуусу артты» деген маалыматында немис саякат агенттигинин жетекчиси Норберт Фибиг «Франкфуртер Альгемайне» гезитине берген маегинде, немис саякат агенттиктеринин быйылкы соода ишинин жакшы экенин баса белгилеп, өзгөчө Түркия, Грек аралдары, Болгария жана Египетке брондоолордун көбөйгөнүнө көңүл бурганын билдирген. Фибиг немис туристтердин Түркияга болгон кызыгуусунун артканын айтты.

«Хүррийет» гезити «Улуттук жаачы Мете Газоз алтын медалга ээ болду» аттуу маалыматында Германиянын борбор шаары Берлинде өткөрүлгөн жаа атуу боюнча дүйнөлүк кубоктун мелдештеринде эркектер арасында классикалык жаа атууда түркиялык спортчу Мете Газоз алтын медалга ээ болгонун билдирген.

 



Тектеш кабарлар