Түрк басма сөзү  20.07.2018

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1015974
Түрк басма сөзү  20.07.2018

«Стар» гезити «Эрдоган BRICSтын атайын коногу болду» деген маалыматында кара континент Африкага эң көп барган лидер болгон Президент Р. Т. Эрдоган бул жолу Бразилия -  Орусия  - Индия  - Кытай  - Түштүк Африкадан турган жана атын бул өлкөлөрдүн баш тамгаларынан алган BRICS экономикалык коомдун саммитине катышуу үчүн Африкага барарын билдирген. Эрдоган атайын чакырылган саммитте биримдикке мүчө өлкөлөр менен Түркиянын ортосунда карым – катнаштар да каралат. Саммит 25 – 27 -  июль күндөрү Түштүк Африканын борбор шаары Йоханнесбургда болот.

«Ватан» гезити «Түркиядан Израилге каршылык» деген маалыматында Түркия Израилдин парламентте бекиткен «Еврей Улут Мамлекет» мыйзамына байланыштуу «Еврей Улут Мамлекет мыйзамы дүйнөлүк укук принциптерин тебелеп жатат. Палестиналыктардын укуктарын жокко чыгарууда»,- деди.

«Сабах» гезити «Венесуэла алтындарын Түркияга жиберди» деген маалыматында Венесуэланын кен байлыктар министри Виктор Кано коомдук кен байлыктар фирмасы менен кичи кен байлыктар ишканаларынын Венесуэлада чыгарган алтынды иштетүү жана алтын акчага айландырылышы үчүн Түркияга жибергендигин билдирген.

«Хабер түрк» гезити «Филиппинге 4, 6 миллион долларлык курал экспорттолду» деген кабарында Түркияда жасалган атайын операция куралы АКШда жылдын тапанчасы болуп тандалгандан кийин Филиппиндерге экспорттолуп жаткандыгын жазган. 10 миң даана берилген запас жетекчилерге тапшырылды.

«Сабах» гезити «Туз көлүнө туристтердин кызыгуус» деген маалыматында Түркиянын маанилүү сугат аймактарынын бирөөсү болгон жана биологиялык түрдүүлүктүн коргоого алынышы жактан  абдан чоң мааниге ээ Туз көлү табигый кооздугу менен келгендердин көңүлүн буруп жаткандыгын жазган.



Тектеш кабарлар