Түрк басма сөзү-17.07.2018

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1014070
Түрк басма сөзү-17.07.2018

«Йени шафак» гезити «Манбиж сүйлөшүүсү» аттуу маалыматында АКШнын президенти Дональд Трамп, Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушуусунун алдында президент Режеп Таййип Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөргөнүн жазган. Сүйлөшүүдө Манбиждеги орток жол картасынын ишке ашырылышы жана Сирия кризисинин чечилиши сыяктуу темалар каралды. Эки лидер кызматташтыктын өнүктүрүлүшүнө басым жасады.

«Хүррийет» гезити «Мөмө-жемиш экспортун Дүйнөлүк кубок күүлөдү» деген маалыматында Түркиянын жалпысында мөмө жемиш жана жашылча экспорту январь-июнь мезгиинде өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу көлөм жагынан 16 пайызга өсүү болуп 2 миллион 63 миң тонна, баа жагынан 23 пайызга өсүү көрсөтүп 1 миллиард 175 миллион 565 миң долларга жеткенин маалымдаган. Улудаг экспортчулар биримдигинен алынган маалыматка караганда аты аталган мезгилде Дүйнөлүк кубоктун оюндары ойнолгон Орусияга бул продукциялардын экспорту артты.

«Сабах» гезити «Улуттук технологияда чоң кадам! Учкучсуз учуучу согуштук учак 2023-жылы асманда» аттуу маалыматында Түркия жергиликтүү жана улуттук курал темасында кадамдарын күн өткөн сайын арттырганын жазган. Түрк куралдуу күчтөрүнүн (ТКК) инвентарына кирген учкучсуз учуучу аппарат жана куралдуу учкучсуз учуучу аппараттарды жасап чыгарган Байкардын техника боюнча башкы директору Селчук Байрактар дагы бир жаңылыктын сүйүнчүсүн бергенин жазган. Байрактар классикалык согуштук учак мезгилинин жабылганын жана учкучсуз учуучу учак долбоору үчүн иштерди баштагандарын белгилеп, согуштук учактын 2023-жылы көк асманда боло турганын жарыялады.

«Хабер түрк» гезити «Жергиликтүү айдоочусуз сүзүүчү деңиз аппараты жасалып чыкты» деген маалыматында Измирде  түрк демилгечиси Мехмет Салих Арыкөктүн, жергиликтүү мүмкүнчүлүктөр менен автоматташкан жана алыстан башкарылуучу «айдоочусуз деңиз аппаратын» жасап чыгарганын жазган. «Кашиф» деп аталган аппарат, үстүнө тагылган сенсорлордун максатына жараша издөө-куткаруу иштеринде, жер титирөө же кен изилдөөсүндө колдонула турганы сыяктуу аскердик максаттуу да пайдаланыла тургандай жөндөмдүүлүктө долдоорлонгонун баяндаган. Аппарат куралдуу, айдоочусуз деңиз аппаратына да айландырыла алат.

«Стар» гезити «Түрк музыкасы Балкан өлкөлөрүндө жаңырат» деген кабарында Эл аралык түрк маданияты уюмунун (ТҮРКСОЙ) жаштык бөлмө оркестринде Түрк дүйнөсүнүн ар башка жерлеринен келген жаш музыканттар, ТҮРКСОЙдун түзүлгөнүнүн 25 жылдыгынан улам түрк классика музыкасын Балкан өлкөлөрүнө угузуу үчүн экинчи ирет гастролго чыкканын баяндаган.



Тектеш кабарлар