Түрк басма сөзү-5.07.2018

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1006620
Түрк басма сөзү-5.07.2018

«Хабер түрк» гезити «Куртулмуш; туризмде бардык жылдардын рекордуна жетишилди» аттуу маалыматында маданият жана туризм министри Нуман куртулмуштун Стамбулда «Туризм сектору 2018-жылга абдан чоң ылдамдык менен кирди. 2018-жылдын алгачкы 5 айында  барык жылдардын рекорддорунан аштык. 11,5 миллион турист Түркияга келди»,-деп айтканын баяндаган.

«Хүррийет» гезити «Йемендик министрден Түркияга ыраазычылык» аттуу маалыматында Йемендин Пландоо жана эл аралык кызматтыктык министри Мухаммед Саид эс-Саиди, Түркиянын өлкөсүнө көрсөткөн гуманитардык жардамдардан улам ыраазычылыгын билдирди.

«Ватан» гезити «Алгачкы F-35 учагынын алгачкы учкучтары АКШда» аттуу маалыматында Түркиянын АКШдан алган 5-муундагы согуштук учагы F-35терди айдай турган 13 учкуч жана 325 техникалык кызматкердин билим алуу үчүн АКШнын Аризона штатынданфы Лук аба базасына жайгашканын маалымдаган.

«Хабер түрк» гезити «Туризм Оскарында Түркияга 11 сыйлык» деген маалыматында Дүйнөдө «туризм Оскарлары» деп билинген Дүйнөлүк саякат сыйлыктарында (World Travel Awards: WTA)түрк тырзми, Европа категориясында 11 сыйлыктын ээси болгонун баяндаган. Анталья 5 сыйлык менен алдыңкы орунду алса, Стамбул жана Мугладан да 3төн отель категорияларында Европанын эң мыктысы болуп тандалды. Чыраган Палас Кемпинский Стамбул болсо Еврорпанын эң мыкты отели болуп тандалды.

«Сабах» гезити «Түркиянын U17 улуттук курама командасы, Сертиядан өттү жана чейрек финалга жогорулады» аттуу кабарында Түркиянын баскетбол Федерациясынын жарыясында, Аргентинанын үй ээлигинде Росарио жана Санта Фе шаарларында ишке ашырылган Дүйнөлүк чемпионаттыктын акыркы 16 команда ойногон турунда Түркиянын, Сербияны 87-68 эсебинде жеңип алып акыркы 8 команданын арасына киргенин маалымдаган.



Тектеш кабарлар