Түрк басма сөзү 4.07.2018

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1005536
Түрк басма сөзү 4.07.2018

 

«Хабер түрк» гезити «Эрдоган алгачкы сапарын бул эки өлкөгө жасайт» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын 24-июндагы шайлоодон кийин чет өлкөгө алгачкы сапарын 10-июль шейшемби күнү Түндүк Кипр Түрк Республикасы менен Азербайжанга жасай турганын билдирген.

«Ватан» гезити «ПККга каршы күрөшүүдө кызматташууга даярбыз» аттуу макаласында жикчил террордук уюм ПККга каршы күрөшүү темасында Ирак Түркия менен кызматташтык ичинде иштешүүгө даяр экендигин билдиргенин жазган.

«Стар» гезити «Түркия мунай заттар өнөктөштүгү төрт даана мунай издөө уруксатын алды» деген маалыматында Энергетика жана жаратылыш байлыктары министрлиги тарабынан Түркия мунай заттар аукционердик өнөктөштүгүнө (ТПАО) 4 аянт үчүн мунай издөө уруксаты берилгендигин билдирген.

«Сабах» гезити «Түрк аба жолдору Европа Биримдигинин аба жолдорунан 3 эсе дагы коопсуз» аттуу маалыматында Түрк аба жолдорунун учактарына 123 текшерүү жүргүзүлгөнү, текшерүүлөрдө Түрк аба жолдорунун Европа Биримдиги өлкөлөрүнө караганда 3 эсе дагы коопсуз экени белгиленди.

«Хүррийет» гезити «Түрк аба мейкиндигинде 1-июль рекорду» деген маалыматында 1-июль күнү дүйнөнүн жалпысында 200 миң учак саякат кылса, Түрк аба мейкиндигинде да 5 миң 87 каттам менен рекорд коюлгандыгын билдирген.

 



Тектеш кабарлар