Түрк басма сөзү  3.07.2018

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1004752
Түрк басма сөзү  3.07.2018

«Йени шафак» гезити «Түрк аба жолдорунан глобалдык келишим» деген маалыматында түрк аба жолдору American Express Global Business Travel менен глобалдык деңгээлде маанилүү бир келишимге кол койгондугун жазган. Келишим менен мекемелик саякат сегментинде базар үлүшүн арттырууну пландаган түрк аба жолдору жалпы дүйнөдөгү бардык иш саякаттарында эң көп тандалган аба жолу болууну максат кылууда.

«Ватан» гезити «Кнопкага басылды! Эми Түркияда өндүрүлө баштайт» деген маалыматында коргонуу өнөр жай фирмаларына экспорттолгон тетик саткан Өздистан электроник италияндар менен Стамбулда турмушка ашырган инвестиция менен сектор муктаж болгон жогорку технологиялуу продукцияларды өндүрүп тышка карата көз карандылыкты акырына чыгарат.

«Стар» гезити «Генетикасы өзгөртүлбөгөн пахта өндүргөн бир гана өлкө Түркия» деген маалыматта Эл аралык пахта боюнча кеңешүү комитети ICACтын техникалык  маалыматтар бөлүмүнүн төрагасы Кешав Крантинин Айдын облусунда : «Генетикасы өзгөртүлбөгөн пахта өндүргөн бир гана Түркия. Бул абдан маанилүү өзгөчөлүк. Түркия пахта түшүмдүүлүк жана сапаты боюнча дүйнөдө эң жогорку орунда»,- дегендигин жазган.

«Сабах» гезити «2018  сезонунун эң чоң кемеси Кушадасына келди» деген маалыматында  туризм  сезонунун эң чоң круиздк кемеси Marella Discovery 2нин Айдын облусунун Кушадасы районундагы Эгей Порт портуна келгендигин жазган. Кеме 1846 жүргүнчүсү менен Кушадасына биринчи каттамын аткарды.

«Хабер түрк» гезити «Шанлыурфада Гөбеклитепе кубанычы» деген маалыматында Шанлыурфада 12 миң жылдык тарыхы менен белгилүү Гөбеклитепенин ЮНЕСКОдон «Дүйнөлүк мурас убактылуу тизмесинен негизги тизмеге өтүшүнүн кубанычы жашалып жаткандыгын жазган.



Тектеш кабарлар