Түрк басма сөзү 29.06.2018

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1002403
Түрк басма сөзү 29.06.2018

«Сабах» гезити «Калын : S-400 тууралуу артка кайтуу жок» деген маалыматында президенттиктин катчысы Ибрахим Калын Блумберг тв каналына берген маегинде Орусиядан S-400 абадан коргонуу системалары келишиминен артка кайтуунун болбогондугун айтканын жазган. Калын  : «Түркия кайдан, кайсы коргонуу системасын, кайсы технологияны аларына өзү чечим чыгарат»,- деди.

«Ватан» гезити  «Европа Биримдиги министри Челиктен африкалык лидерлерге Европа Биримдиги эскертүүсү» деген маалыматында Европа Биримдиги министри жана башкы сүйлөшүүчү Өмер Челиктин социалдык медиа твиттер эсебинен берген маалыматында Европа Биримдигинин баш калкалоочу маселесин чечүү үчүн келишим түзүүнү каалаган африкалык лидерлерге кайрылып : «Африкалык досторубузду эскертким келет. Келишим түзбөстөн биз менен сүйлөшүүлөрү пайдалуу болот.  Европа Биримдигинин 18 -  март келишиминде бизге берген убадаларды кайсы эстетикалык шылтоолор менен  аткарбагандыгын сиздерге түшүндүрө алабыз»,- дегендигин жазган.

«Хүррийет» гезити  «Меркелден Түркия тууралуу анализ» деген маалыматында Германиянын канцлери Ангела Меркель  Түркиянын баш калкалоочулар үчүн  мыкты иштерди аткаргандыгын айтканын жазган. Меркель : «Биз Европа Биримдигиндеги жыйында 3 миллиондон ашуун баш калкалоочуну кыйын шарттар астында кабыл алган Түркияга экинчи 3 миллиард евролук пакетти даярдап жардамчы болгонубузду билдиришибиз керек. Түркияны  сынга ала аласыңар бирок Түркия баш калкалоочулар үчүн мыкты иштерди аткарды»,- деди.

«Стар» гезити «Түркиянын энергетика коопсуздугуна 600 миллион долларлык жардам» деген кабарында Азия базистик санкция  банкы тарабынан Түркиянын газ өткөрүү коопсуздугун арттыруу үчүн Туз көлү жаратылыш газ сактоо проектисине бериле турган 600 миллион долларлык кредиттин бекитилгендигин билдирген.

«Хабер түрк» гезити «Өнүгүү банкына 400 миллион доллар кредит» деген маалыматында Түркия өнүгүү банкы менен Кытай индустрия жана соода банкы Түркиянын ортосунда  400 миллион долларлык кредит келишимине кол коюлгандыгын жазган. Бул кредит Түркия өнүгүү банкынын финансылоо иштеринде колдонулат.



Тектеш кабарлар