Түрк басма сөзү-28.06.2018

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1001808
Түрк басма сөзү-28.06.2018

«Йени шафак» гезити «Шимшек алгачкы белгини берди, секирик жасоого даяр» аттуу маалыматында вице-премьер Мехмет Шимшектин жаңы башкаруу тууралуу алгачкы белгини бергенин жазган. Шимшек шайлоодон кийин жаңы система менен Түркиянын экономикалык жактан секирик жасай турганын айтты.

«Хабер түрк» гезити «Зейбекчи:АКШнын чечими бизди баш ийдирбейт» деген маалыматында экономика министри Нихат Зейбекчинин АКШнын шериктештерине Ирандан мунай зат импорттоолорун 4-ноябрга чейин токтотуу чакырыгын салганына жооп иретинде «АКШнын чечими бизди баш ийдирбейт»,деп айтканын жазган.

«Стар» гезити «Туз Гөлүнүн жаратылыш газ топтоо ишканасы 1,2 миллиард доллардык насыя келишимине кол койду» аттуу маалыматында Туз Гөлүнүн жаратылыш газ топтоо ишканасынын кеңейтилиши үчүн эл аралык финансы мекемелери менен 1,2 миллиард доллардык насыя келишимине кол койгонун жазган. Кол коюу аземинде сөз сүйлөгөн министр Албайрак: «Түркиянын улуттук энергетика жана кен саясатын жарыяладык»,-деди.

«Сабах» гезити «Бодрумга деңизден турист чубады» деген маалыматында Мугланын Бодрум районуна 2018-жылы экинчи сапарын ишке ашырган Мальта желеги илинген «Mein Schiff 2» аттуу жүргүнчү кемеси менен 2077 немис турист келгенин баяндаган. Базарды кыдырып соода кылган туристтер соодагерлерди жылмайтты.

«Хүррийет» гезити «Кайрадан келем» деген макаласында эстрада дүйнөсүнүн легендарлуу айым вокалдарынан Анастасия, дүйнөлүк гастролунун алкагында Түркияга келгенин маалымдаган. Америкалык ырчы мурдагы күнү кечинде Бодрумдун Йалыкавак районунда концерт койду. Анастасия Бодрумга суктанганын айтып: «Мындан мурда Стамбулга келген элем, бирок Бодрум башкача. Алгачкы ирет көргөндө Түркиядабы дедим. Бүгүнкү күн батышын көрдүңүзбү? Укмуш болчу. Сөзсүз кайра келемин»,-деди.



Тектеш кабарлар