Түрк басма сөзү-26.06.2018

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1000022
Түрк басма сөзү-26.06.2018

«Хабер түрк» гезити «Жаңы өкмөттүк система ишке ашат» аттуу маалыматында Түркия тандоосун жасады жана Президенттик Өкмөт системасы ушул шайлоо менен бирге ишке ашаарын маалымдаган. Эң оболу Жогорку шайлоо кеңеши шайлоолордун так маалыматын жарыялайт. 29-июнда Жогорку шайлоо кеңешинин так жыйынтыктарды жарыялоосу менен бирге Парламенттин күн тартиби да иштей баштайт. Так жыйынтыктардын жарыяланышынан 3 күн кийин парламент ант берүү аземи үчүн чогулат. Президент ант бергенден кийин жаңы кабинетти белгилейт.

«Сабах» гезити «Эл аралык байкоочу шайлоого толук баа берди» аттуу маалыматында Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясынын (ЕКПА) делегация башчысы Олена Сотнюк, Түркия тарабынан шайлоону байкоо үчүн чакыруу алгандары үчүн ыраазычлыгын билдирди жана «Шайлоолор абдан маанилүү болчу. Атуулдардын жогорку деңгээлде катышуусу да муну көрсөттү. Айтышыбыз керек болгон эң маанилүү жагдайдын да ушул экенин ойлоодомун. Бул жогорку катышуу, эң оболу бул өлкөнүн жана атуулдарынын демократиялык жетилгендигинин көрсөткүчү болуп саналат»,-деп айтканын баяндаган.

«Йени шафак» гезити «Түркия Батышка демократия сабагын берди» деген маалыматында 24-июндагы президенттик шайлоолорунда 86,80 пайыздык катышууну камсыздаган Түркиянын Европага демократия сабагын бергенин жазган. 2017-жылы 24-сентябрда Германиянын канцлери Ангела Меркель жеңген шайлоого катышуу 76,2 пайыз деп белгиленген. Англиядагы акыркы шайлоолордо 69 пайыз катышуу камсыздалды. 2017-жылдын май айында президентин шайлаш үчүн үкөккө барган Францияда элдин шайлоого катышуусу 65,30 пайыз болду. Грецияда 2015-жылы болгон шайлоолордо катышуу 55 пайыз болгон.

«Ватан» гезити «Шайлоо жана Дүйнөлүк кубок туризмдин ылдамдыгын токтото алган жок» деген маалыматында туризмде быйыл Түркия 40 миллион, Анталья болсо 14 миллион турист күткөнү маалымдалды. Туризм секторунун өкүлдөрү июнь айынын бардык убактардын эң жакшы сандарына жеткенине көңүл буруп, шайлоо жана Дүйнөлүк футбол чемпионатынын туризмдин ылдамдыгын токтотпогонун айтты. Түркия туризминин борбор шаары Анталья болсо бул ийгиликке жетүүдө чоң үлүшкө ээ болду. Июндун ортосунда 4 миллион санынан ашты жана быйыл 14 миллион турист келиши максатталган туризм шаарында, Орусия жана Германия базарындагы олуттуу өсүүлөр секторду кубандырды.

«Стар» гезити «Түрк ракеталары F-35 учакарынан кийин Орусиядан чыккан учактарга да тагылат» аттуу маалыматында Азербайжандын Түркиядан СОМ ракетасын сатып алганын жазган. Системанын алгач ирет 26-июнда Азербайжандын куралдуу күчтөрүнүн курулганынын 100 жылдыгынан улам боло турган парад жүрүшүндө көрсөтүлүшү палндалууда.Азербайжандын инвентарындагы MiG-21, MiG-29 жана Su-25 учактары кошумча жүк катары СОМду ташый тургандай жөндөмдүүлүктө. СОМдун «J» үлгүсүнүн  , F-35 учакарына интеграциясы темасында кадамдар ташталууда.

 



Тектеш кабарлар