Түрк басма сөзү 22.06.2018

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

997349
Түрк басма сөзү 22.06.2018

«Хабер түрк» гезити «Түркия өз учагын чыгара алгыдай абалда болот» деген маалыматында президент Режеп Таййип Эрдоган, айрым өлкөлөрдүн Түркияга курал сатууда артка кадам таштап жаткандарын баса белгилеп: «Жаман коңшу бизге кожоюндук кылды»,-дегенин жана Түркия өз учагын чыга алгыдай абалда болоорун айтканын жазган. «Учурда мунун иш-аракеттерин жүргүзүп жатабыз» деген Эрдоган, 4.5 тонна салмагындагы 1.5 тонналык бомбаны ташый ала турган учак өндүрүп жаткандарын айтты.

«Ватан» гезити «Манбиждин террордон тазаланышы Түркиянын дипломатиялык жеңиши» аттуу маалыматында тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Түркиянын чечкиндүү мамилесинен улам АКШнын артка кадам таштаганын жана жикчил террордук уюм ПКК/ПЙД-ЙПГнин Сириянын Манбиж аймагынан 4-июлдан тарта чыга баштай турганын айтканын билдирген. Чавушоглу Сириянын келечеги үчүн маанилүү болгон бул пландын Түркиянын дипломатиялык жеңиши болгонун белгиледи.

«Йени шафак» гезити «Түркия биринчи F-35 согуштук учагын өткөрүп алды» деген маалыматында Түркиянын биринчи F-35 согуштук учагынын, АКШнын Техас штатындагы азем менен Түрк аба күчтөрүнө өткөрүлүп берилгенин билдирген. Бул учак ошол эле учурда Түрк аба күчтөрү командирлигинин инвентарына кирген 5-муундагы алгачкы согуштук учак болду.

«Сабах» гезити «Туризмде рекорд жаралды» аттуу маалыматында маданият жана туризм министри Нуман Куртулмуш, 2018-жылдын биринчи 5 айында 11 миллион 800 миң туристтин Түркияда эс алганын билдиргенин жазган. «Бул көрсөткүч бардык мезгилдердин рекорду болуп саналат»,- деген Куртулмуш: «Буюрса 2018-жылдын аягында 40 миллион турист жана 32 миллиард долларлык киреше таап жаңы рекорд коебуз»,-деп айтты.

«Стар» гезити «Түркия АКШга жооп кайтарды» деген маалыматында АКШнын 23-марттан бери темир-болотто 25 пайыз, алюминийде 10 пайыздык кошумча нарк салыгын киргизгенин жана буга каршылык көрсөткөн Түркиянын да АКШнын 22 товарына карай 300 миллион долларлык кошумча нарк салыгынын кечээ күчүнө киргенин билдирген.



Тектеш кабарлар