Түрк басма сөзү 13.06.2018

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

991708
Түрк басма сөзү 13.06.2018

«Хүррийет» гезити «ТАНАП долбоору ишке ашты» аттуу маалыматында Түркия менен Азербайжан тарабынан үч жылда бүткөрүлгөн жана Азербайжан газын Түркия аркылуу Европага ташый турган Транс Анадолу газ куурунун (ТАНАП) ачылганын билдирген. ТАНАПтын ачылыш аземине президент Режеп Таййип Эрдоган, Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенти Мустафа Акынжы, Азербайжандын президенти Илхам Алиев, Сербиянын президенти Александр Вучич жана Украинанын президенти Петр Порошенко да катышты. Ачылышта сөз сүйлөгөн Эрдоган: «Бүгүн аймагыбыз жана өлкөбүз үчүн тарыхый кадамды таштап жатабыз»,-деди.

«Хабер түрк» гезити «Түркиянын Европа Биримдигине мүчөлүк максаты уланууда» деген маалыматында премьер-министр Бинали Йылдырым Измирде Болгариянын премьер-министри Бойко Борисов менне делегациялар аралык жолугушуу өткөргөнүн билдирген. Йылдырым: «Түркиянын Европа Биримдигине толук мүчөлүк максаты уланууда бирок Европа Биримдигинин келечектеги көз карашын белгилөөсү жана бул темадагы келишпестикти тез арада чечүүсү керек»,-деди.

«Ватан» гезити «Бардыгын АКШдан алып келдик» аттуу маалыматында экономикадан жооптуу вице-премьер Мехмет Шимшек, АКШдагы Түркияга таандык алтын резервдеринин бардыгынын алып келингенин билдиргенин жазган. Шимшек: «Америкадагы алтын резервдерибиздин бардыгын алдык. Ал жерге эч нерсе калтырган жокпуз»,-деди.

 «Сабах» гезити «Түрк оюндары дүйнөгө жайылды» деген маалыматында дүйнө жүзүнө жайылган түрк сериалдарына түрк оюндары да кошулганын билдирген. Түрк инженерлери тарабынан иштелип чыккан көптөгөн оюн дүйнөлүк лигада сөз ээси болду. Булардын бири болгон Зула аттуу оюн 100дөн ашуун өлкөдө ойноло баштады.



Тектеш кабарлар