Түрк басма сөзү  12.06.2018

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

990978
Түрк басма сөзү  12.06.2018

«Йени шафак» гезити «Эрдоган : Кандилге карата операцияларды баштадык» деген маалыматында президент Р. Т. Эрдогандын Нигдеде сөз сүйлөгөндүгүн жазган. Эрдоган : «Кандилге операцияларыбызды баштадык. 20 учагыбыз менен 14 негизги жерди жок кылдык. Атып кайтышты. Операция бүткөн жок, улантылат»,- деди.

«Сабах» гезити «Түркия экономикасында өсүү биринчи чейректе 7, 4 пайыз болду» деген маалыматында Түркия Статистикалык Мекемеси ТҮИК өлкө ичи улуттук кирешенин биричи чейректин жыйынтыктарын билдиргендигин жазган. Түркия 7, 4 пайыздык өстү. Президент Р. Т. Эрдоган : «Түркия экономикасы 2018 -  жылдын биринчи чейрегинде 7, 4 пайызга өстү. Европа Экономикалык Кызматташтык Уюму өлкөлөрүнүн арасында биринчи, чоң жыйырмалар өлкөлөрүнүн ичинде экинчи орундабыз. Дүйнөнүн эң ылдам өскөн өлкөлөрүнүн бирөөсү болууну улантуудабыз»,- деди.

«Хабер түрк» гезити «Стамбулга келген туристтердин 25 пайызы арап» деген маалыматында Түркия отелчилер биримдигинен берилген маалымат боюнча 2018 -  жылдын биринчи төрт айында Стамбулга келген турист санынын 4 миллион 200 миңге жеткендигин жазган. Бул туристтердин 867 миңинин арап экендиги, бул сандын Стамбулга келген ар бир төрт туристтин бирөөсүнө тең келгендиги билдирилди.

«Ватан» гезити «Бор кенинде бирге миң кошулат» деген маалыматында энергетика жана жаратылыш ресурстары министрлигинин кеңешчиси Фатих Дөнмез : «Бор жалгыз өзү тоннасы 200 доллар болсо, дагы жогорку продукцияга айландырганда 300 – 400 миң долларга чейин чыгышы мүмкүн. Бул да бирге миң кошулат демек»,- деди.

«Стар» гезити  «Бүлент Эжевит университети Гризу  - 263 космостук группасы АКШдагы модель спутник иликтөөсүндө дүйнөдө экинчи болду» деген маалыматында Бүлент Эжевит университетинин инженердик факультетинде билим алып жаткан студенттер түзгөн «Гризу  - 263» космостук группасы 2018 – жылдын 8 – 10 -  июнь күндөрү АКШда модель спутник жарышында  дүйнөдө экинчиликти алгандыгын жазган.



Тектеш кабарлар