Түрк басма сөзү  1.06.2018

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

983737
Түрк басма сөзү  1.06.2018

«Хабер түрк» гезити «Йылдырымдан Манбиж билдирүүсү» деген маалыматында премьер  - министр Бинали Йылдырымды Сириянын Манбиж шаары тууралуу маселе чыгаргандардын эми келип отуруп сүйлөшөлү дегендерин айтканын жазган.

«Сабах» гезити «ТАНАП проектисинде акырына келинди» деген маалыматында Түркиянын энергетика өткөрүү коопсуздугуна маанилүү салым кошкон Транс Анадолу жаратылыш газ түтүк жолу проектисинин акырына келингендигин жазган. Алгачкы соода газы июнь айында келет.

«Ватан» гезити «Турист саны 32 пайызга артты» деген кабарында Түркия чет элдик турист санында 2018 -  жылдын январь  -  апрель айларында 2017 -  жылдын ошол эле мезгилине караганда 32, 55 пайыз, апрель айында 2017 -  жылдын ошол эле айына караганда 28, 27 пайызга өсүү катнашына жетишкендигин жазган.

«Стар» гезити «АСЕЛСАНдын Мехметчик үчүн чыгарган АСЙА кызмат кылууга даяр» деген маалыматында Аскердик электрондук өнөр жай АСЕЛСАНдын Мехметчик үчүн чыгарган участокто басуу, чуркоо, секирүү сыяктуу физикалык кыймылдарды жогорулаткан, оор куралдарды ташууну оңойлотуу менен чарчоого карата чыдамдуулукту арттырган Аскердик Жүрүш Асистенти АСЙА кызмат кылууга даяр.

«Йени шафак» гезити «Жаңы мөмө жана жашылчада Орусия допинги» деген маалыматында Орусия менен маселелердин чечилиши, Европа базарларында түрк продукцияларына карата болгон ишеним жана жактыруу менен бирге жаңы базарларга жетиши жалпы өлкөдө мөмө жана жашылча экспортунун 2018 -  жылдын биринчи төрт айында 2017 -  жылдын ошол эле мезгилине караганда 160 миллион долларга өсүшүнө мүмкүнчүлүк түздү.



Тектеш кабарлар