Түрк басма сөзү-31.05.2018

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

983068
Түрк басма сөзү-31.05.2018

«Йени шафак» гезити «Түркия жана АКШ Манбиж темасында макулдашты» аттуу маалыматында Түркия жана АКШнын ортосунда Сириянын Манбиж аймагынын бошотулушу үчүн 3 баскычтуу план күн тартипте экенин маалымдаган. Түркия жана АКШ, жикчил террор уюму ПКК/ПЙД-ЙПГнын Сириянын түндүгүндөгү Евфрат дарыясынын батышында басып алган Манбижден чыгып кетиши үчүн техникалык макулдашуу камсыздалды.

«Стар» гезити «Эрдоган: «Илон менен сүйлөштүм. Эң өнүккөн технология кайсы болсо ошону кылабыз» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдоган Стамбулда атактуу серия демилгечиси жана Тесланын куруучу төрагасы Илон Маск менен сүйлөшкөнүн жана жергиликтүү автомобилде эң өнүккөн технологияны колдоно тургандарын айтканын баяндаган.

«Ватан» гезити «Экономика боюнча жооптуу вице-премьер Мехмет Шимшек Лондондо» аттуу маалыматында экономикалык жолугушууларды өткөрүү үчүн Лондонго барган экономика боюнча жооптуу вице-премьер Мехмет Шимшектин социалдык медиа тармагы Твиттерден бөлүшүүсүндө, жолугушууларынын абдан жемиштүү өткөнүн айтканын берген.

«Хабер түрк» гезити «ОЕСD Стамбулга борбор ачат» деген маалыматында борбору Парижде орун алган Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюму (OECD) , бул жердеги сыяктуу бардык темаларда саясат жүргүзө турган борборду Стамбулда ачаарын маалымдаган.

«Сабах» гезити «7 ай мөөнөтүнөн мурда тапышырылды» деген кабарында 6 даана Байрактар куралдуу учкучсуз учуучу аппарат (SİHA) сыноо учууларын ийгиликтүү аяктагандан кийин, Жандармерия башкы командирлигине келишимде көрсөтүлгөн күндөн 7 ай эрте тапшырылганын билдирген.



Тектеш кабарлар