Түрк басма сөзү 29.05.2018

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар

981242
Түрк басма сөзү 29.05.2018

«Стар» гезити «Дүйнөнүн эң чоң аэропорту биринчи тесттен өттү» деген маалыматында Стамбулда курулушу улантылып жаткан Жаңы аэропорттогу аянт тесттен өткөндүгүн жазган. Жаңы аэропортто бүткөн аянт үчүн багыттоо түзмөктөрүнүн тести үчүн аянттын үстүндө Cessna учагы биринчи текшерүү учушун ишке ашырды.

«Хабер түрк» гезити «Антальяда мейманканалар июнь айында 100 пайыз толот» деген маалыматында эс алуучулардын 24 -  июндагы шайлоодон мурда 3 жарым күндүк Рамазан майрамында туризм аймактарында эс алышарын билдирген. Туризм секторунун өкүлдөрү Рамазан майрамында эс алуу үчүн башта Анталья болуу менен Эгейде Бодрум, Чешме, Мармарис, Кушадасы сыяктуу эс алуу аймактарына талаптын көп экендиги билдирилди. Өзгөчө өлкө тышынан туристтер  чоң кызыгуу көрсөткөн Антальяда Рамазан майрамында мейманканалар 100 пайыз толушу күтүлүүдө.

«Ватан» гезити «Араб активистерден Түркия туризмине колдоо кампаниясы» деген маалыматында араб активисттер Түркия туризмине колдоо көрсөтүү үчүн социалдык бөлүшүү сайты твиттерде кампания баштады. Катар, Кувейт жана Уммандын алдыңкы ысымдары «жайкы эс алуубуз Түркияда дагы жакшы» деген мааниде арапча хэштаг менен баштатылан кампания жайкы эс алуунун Түркияда өтүшүн колдоону максат кылууда.

«Йени шафак» гезити «Мангала Европа чемпиондугун Түркия өткөрөт» деген маалыматында Мангала федерациясы өткөргөн Anatolia Open 2018 акыл оюндары фестивалы 7 башка өлкөдөн Түркия -  Казакстан – Кыргызстан – Орусия  - Пакситан – Монголия  - Ганадан 200гө жакын оюнчунун катышуусу менен Антальяда өткөрүлгөндүгүн жазган. 3 жылдан бери өткөрүлүп келген фестивалдын катышуучу саны барган сайын өсүп жатат. Максат мангала оюнун кенен массага жеткирүү жана бул иш чараларга  дагы көп чет элдик оюнчунун катышуусуна шарт түзүү. Ноябрь айындагы Мангала Европа Чемпиондугу Түркияда өткөрүлөт.

«Сабах» гезити «Түркия Иранды 2 голь ашып өттү» деген маалыматында Түркия А улуттук футболдук командасы даярдык оюнунда Иран менен беттешти. А улуттук командасы атаандашын Женк Тосундун киргизген гол менен 2 – 1ге жеңди. 2018  дүйнөлүк кубогунда беттеше турган Ирандын бир голун АшканДежагах киргизди.



Тектеш кабарлар