Түрк басма сөзү  25.05.2018

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

978859
Түрк басма сөзү  25.05.2018

«Ватан» гезити «АСЕЛСАНдын ракета атуучу системасы Украинада» деген маалыматында Аскердик Электрондук өнөр жайы АСЕЛСАН чыгарган ракета атуучу система Украинадагы тесттерден ийгиликтүү өткөндүгүн жазган. Украианын LUCH фирмасы тарабынан өндүрүлгөн Skif ракетасынын АСЕЛСАН тарабынан өндүрүлгөн атуучу системага интеграция иштери Украинадагы эки ийгиликтүү ракета атышы менен аяктады. Тесттерде ракеталар 5 километр алыстыктагы бутага таамай атылды. Система АКШ, Британия, Украина жана орус ракеталарын атуу үчүн чыгарылып жана тесттен өткөрүлдү.

«Стар» гезити «Түркия менен Казакстан биргелеше ракета чыгарат» деген маалыматында Казакстандын борбор шаары Астанадагы 5 -  Эл аралык KADEX 2018  курал жана Аскердик жабдык жарманкесинде Рокетсан менен Казакстандын ортосунда биргелешкен ракета жана снаряд  чыгаруу үчүн макулдашуу келишимине кол коюлгандыгын жазган. Келишимге Рокетсан ракета өнөр жайы жана соода фирмасы менен Казакстан Engineering улуттук фирмасынын ортосунда кол коюлду. Бир тараптан Казакстан коргонуу жана авиация өнөр жай министрлиги менен коргонуу технологиялары инженердик жана соода фирмасынын ортосунда да кибердик коопсуздук жана электрондук системалар боюнча кызматташтыктын негизинде макулдашуу келишимине кол коюлду.

«Йени шафак» гезити «Менчик сектордо жумуш менен камсыз кылуу» деген маалыматында менчик сектордун жумуш менен камсыз кылууга кошкон салымы улантылууда. Тейлөө, автомобиль, энергетика секторлорунда иш алып барган бир топ фирманын акыркы бир жумада жарыялаган жумуш менен камсыз кылуу көлөмү 6 миң 500 кишиден ашты.

«Хүррийет» гезити «Шимшек жана Четинкая чет элдик инвесторлор менен жолугушат» деген маалыматында вице  - премьер  - министр Мехмет Шимшек жана Борбордук банктын төрагасы Мурат Четинкая 28 – 29 -  майда Лондондо инвесторлор менен жолугушарын жазган. Шимшек менен Четинкая Стамбулда 28 -  май дүйшөмбү күнү финансы мекемелеринин өкүлдөрү жана инвесторолор менен жолугушат. Андан кийин Британияга бара турган Шимшек менен Четинкая 29 -  май шейшемби күнү чет элдик фонд башкаруучулары жана ишкерлер менен жолугушуу өткөрөт.

«Хабер түрк» гезити «Америкалыктар дүйнөнүн мыкты көрүнүштөрүн тандады, Түркия да тизмеде» деген маалыматында Американын социалдык мазмун платформасы Buzzfeed окурмандарына мыкты жерлер тууралуу сурамжылоо жүргүзгөндүгүн  билдирди. Миңдеген киши катышкан сурамжылоого Түркиядан да бир жер кирди. Фотографиялар бөлүшүлгөн сурамжылоодо Невшехирдеги табият керемети Кападокия да орун алды. Темасы «Кападокияда күн чыгып бара жатканда шар менен учуңуздар» деп берилди. Андан мурда да англис Times гезитинде жарыяланган «Дүнөнүн жаңы 25 керемети» тизмесинде 5 -  орунду алган Кападокия ошол эле учурда 1985 -  жылдан бери ЮНЕСКОнун дүйнөлүк маданият мурасы тизмесинде.



Тектеш кабарлар