Түрк басма сөзү 23.05.2018

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

977380
Түрк басма сөзү 23.05.2018

Ватан гезити «Эрдоган Палестинанын мамлекет башчысы Аббас менен сүйлөштү» аттуу мааламытында президент Режеп Таййип Эрдогандын Палестинанын мамлекет башчысы Махмуд Аббас менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн билдирген. Эрдоган Палестинанын мамлекет башчысы Аббаска тезирээк сакайып кетишин тилеп, 18-майда Стамбулда өткөрүлгөн Ислам Кызматташтык Уюмунун кезексиз жыйналышы жана жыйынтык декларациясы тууралуу маалымат берди.

Сабах гезити «Биз муну жөн калтырбайбыз» деген маалыматында тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун, палестиналыктарды өлтүргөн Израилдин жооп бере турганын айтканын билдирген. Палестинанын тышкы иштер министри Рияд аль-Маликинин, Израилдин кыргындарына байланыштуу делону Эл аралык кылмыш-жаза сотуна тапшырганына сереп салган Чавушоглу: «Бүгүн Палестинанын тышкы иштер министри Рияд Малики Израилдин жасагандарын Эл аралык кылмыш-жаза сотуна алып барды. Муну биз жөн калтырбайбыз»,-деди.

Стар гезити «Түркия Ооганстандагы террордук кол салууга наалат айтты» аттуу маалыматында Түркия Ооганстандын Кандахар аймагында болгон террордук кол салууга наалат айтканын билдирген. Кол салууда көп сандаган адамдын каза болгону жана жаракат алганы белгиленген Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө; «Бул канкор кол салууда каза тапкандардын жаткан жерлери жайлуу болушун тилеп, дос Ооганстан өкмөтүнө жана боордош ооган элине көңүл айтабыз, жаракат алгандардын тезирээк сакайып кетишин тилейбиз»,-делди.

Хабер түрк гезити «ASELSANдан жергиликтүү жана улуттук КАТМЕР технологиясы» аттуу маалыматында аскердик электроника өнөр жайында (ASELSAN) өнүктүрүлгөн көп катмардуу микротолкундуу керамика (КАТМЕР) технологиясы менен дагы кичине жана күчтүү радар жана электроникалык аскердик шаймандарды өндүрүп чыгара турганын жазган.  Фирманын маалыматына караганда КАТМЕР технологиясын колдонуп 30 эсеге чейин өндүрүлө алган микротолкундуу схемалар менен түзүлгөн микротолкундуу модулдар, классикалык ыкма менен өндүрүлгөн модулдарга салыштырмалуу дагы кичине көлөмгө сыйдырыла алат. Ушундайча улуттук жана жергиликтүү катары өнүктүрүрүлгөн техника менен спутник/космостук иштерде чоң мүмкүнчүлүккө жетишилет.

Йени шафак гезити «Түркиянын эң чоң учак конуучу кемеси үчүн даярдыктар жүрүп жатат» аттуу маалыматында Түркиянын улуттук коргоо стратегиясынын түшүнүгү боюнча İÇDAŞ кеме куруучу ишканасында учак кемесинин курулушу үчүн даярдыктар жүрүп жатат. Узундугу 370 метр, туурасы 70 метрдик кургак бассейндин курулушу башталды. 2019-жылы жай айларында бүтүрүлүшү пландалган кургак бассейндин бүтүрүлүшү менен бирге Түркиянын эң чоң учак конуучу кемеси İÇDAŞ кеме куруучу ишканасында курулат. Наркы 50 миллион долларга жете турган ишканада, Түркиянын эң чоң кайра иштетүүчү ишканасы курулат. Учак конуучу кеменин курулушу менен жаңы жумуш орундары да пайда болот.

 

 

 



Тектеш кабарлар