Түрк басма сөзү-17.05.2018

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

973131
Түрк басма сөзү-17.05.2018

«Сабах» гезити «Эрдогандын Палестина дипломатиясы уланууда» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын Палестинадагы акыркы абалдар тууралуу Германиянын канцлери Ангела Меркель, Ирандын президенти Хасан Рухани жана Орусиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу өз-өзүнчө сүйлөшүү өткөргөнүн жазган. Эрдоган-Меркель сүйлөшүүсүндө Газада палестиндер бутага алынышынын себебинен болгон чыңалуу туурасында пикир алмашышты. Анда учурдагы абал маселеге чечүүчү жол табылышын да татаалдаштырганын баса белгиледи. Эрдоган, Ирандын президенти Рухани менен да телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү. Эрдоган Палестинадагы акыркы абал туурасында Орусиянын президенти Путин менен да сүйлөшүп, пикир алмашты.

«Стар» гезити «Түркия менен АКШнын ортосундагы маанилүү сүйлөшүүлөрдүн күнү белгиленди» аттуу маалыматында тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео менен 4-июнда АКШда жолугуша турганын баяндаган. Помпео менен Чавушоглу АКШнын борбор шаары Вашингтондо жолугат. Чавушоглу менен Помпеонун жолугушуусунда Сирия жана Жакынкы Чыгыштагы абалдар, эки тараптуу карым-катнаштар, террордук уюмдар ПКК жана Фетуллахчы террор уюму/параллель мамлекеттик түзүмү (ФЕТӨ/ПДЙ) менен күрөшүү сыяктуу темалар каралышы күтүлүүдө.

«Ватан» гезити «Акар эки орчундуу жолугушуу өткөрдү» деген маалыматында башкы штаб төрагасы, армия генералы Хулуси Акардын Греция жана АКШнын башкы штаб төрагалары менен жолукканын жазган. Гезит Акардын кечээ НАТОнун аскердик комитетинин башкы штаб төрагаларынын жыйналышына катышуу үчүн барган Бельгиянын борбор шаары Брюсселде Грециянын башкы штаб төрагасы менен жолугуусу Эгейдеги чыңалуудан кийин алгачкы жолугушуу болгонун белгилеген. Башкы штаб төрагасы, Армия генералы Хулуси Акар америкалык кесиптеши армия генералы Жосеф Данфорд менен жолукту. Жолугушууда Акар жана Данфорд эки тараптуу кызматташуулар менен катар Сирия жана Жакынкы Чыгыштагы абалдар туурасында пикир алмашты.

«Хүррийет» гезити «Шимшектин экономика тууралуу абдан маанилүү твити» деген маалыматында экономика боюнча жооптуу вице-премьер Мехмет Шимшектин Твиттерден бөлүшкөн маалыматында саясат тармагынын шайлоодон кийин оңоло турганын белгилегенин жазган. Блумберг Невс Түркия кеңсесинин жетекчиси Бенжамин Харвей бөлүшкөн маалыматка жооп берген Шимшек: «Саясий прагматизм акырында үстөмдүк кылат. Эрежеге таянган базар экономикасы өнүгүш үчүн жалгыз ишеничтүү альтернатива»,-деп айтты.

«Йени шафак» гезити «Акдаг, Израиль жана Египет жаралууларды ташый турган учакка уруксат берген жок» деген маалыматында вице-премьер Режеп Акдагдын Түндүк Кипр Түрк Республикасынын президенти Мустафа Акынжы жана премьер-министри Туфан Эрхүрман тарабынан өз-өзүнчө кабыл алынганын баяндаган. Акдаг Кипрдеги билдирүүсүндө, «Палестинадагы жаралуулардын Түркияга алып келиниши үчүн Израиль же Египетке учак кондурулушу керек. Эки өлкө тең ушул убакка дейре буга уруксат берген жок»,-деди.



Тектеш кабарлар