Түрк басма сөзү 14.05.2018

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

970151
Түрк басма сөзү 14.05.2018

«Стар» гезити «Трамптын АКШнын Израилдеги элчилигин Кудуска көчүрүүсү чоң жаңылыштык» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын ББСнин арабча берүүсүнө маек куруп бергенин билдирген. Эрдоган Израилдин Сириядагы керексиз кол салгычтыгын сынга алып жатып: «АКШнын президенти Дональд Трамптын Израиль элчилигин Кудуска көчүрүүсү чоң жаңылыштык»,-деди.

«Ватан» гезити «Түркиянын АКШга чара көрүү жообу» деген маалыматында экономика министри Нихат Зейбекчи, АКШнын болоттун жана алюминийдин импортуна кошумча бажы салыгын киргизүү чечимине карай Түркиянын билдирүүлөрүн абдан так түрдө АКШлык жооптуу кызматкелерге айтканын белгилеп: «Ушул жумадан тарта, Түркия катары каршы кадамдарды таштай турганыбызды аларга айтабыз»,-деди.

«Хабер түрк» гезити «Туризмде май айында рекорд коюлат» аттуу маалыматында туризмде 2018-жылы 14 миллион турист менен бардык мезгилдердин рекордуна жетишүүнү максаттаган Антальяда май айынынын биринчи 10 күнүндө өсүү көрсөткүчү 56 пайызга көбөйгөнүн билдирген. Шаарда туристтердин күнүмдүк орточо саны 47 миңге жетти. 10-майдан тарта жалпы турист саны 1 миллион 670 миңге көбөйдү.

«Хүррийет» гезити «Алгачкы вакцина 2022-жылы сайылат» деген маалыматында Гепатит А вакцинасын жергиликтүү мүмкүнчүлүктөр менен иштеп чыгуу долдоорунун алкагында 12 жылдык тендер жарыяланганын билдирген. Саламаттык сактоо министрлиги бул тендерди 10-июлда өткөрөт. Келишим түзүлгөндөн кийин жергиликтүү өндүрүм башталат. Толугу Түркияда иштелип чыга турган вакциналар 2022-жылы балдарга сайылат.

«Стар» гезити «Түркиялык спортчу Нафиа Куш алтын медаль такты» аттуу маалыматында тхэквондо боюнча Европа чемпионатынын акыркы күнүндө улуттук спортчу Нафиа Куш кыздар арасында 73 килограмм салмакта алтын медалга ээ болгонун билдирген. Орусия Федерациясына караштуу Татарстан Республикасынын борбор шаары Казанда өткөрүлгөн мелдештерде Нафиа Куш финалда орусиялык спортчу Арина Животкованы 5-0 эсебинде жеңип алтын медалдын ээси болду.  



Тектеш кабарлар