Түрк басма сөзү 26.04.2018

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

959141
Түрк басма сөзү 26.04.2018

«Сабах» гезити «Дүйнө жүзүнө жакшы кабарыбыз болот» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдоган, Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен чогуу Президенттиктин комплексинде биргелешкен маалымат жыйын өткөргөнүн билдирген. Эрдоган: «ТАНАР (Транс Анадолу газ кууру) долбоорунун ачылышы июнь айында өтөт. Шайлоонун алдында улутубузга жана дүйнө жүзүнө жакшы кабар болот»,-деди.

«Йени шафак» гезити «Испания менен Түркиянын ортосундагы карым-катнаштар абдан күчтүү» деген маалыматында Испаниянын туризм министри Альваро Надаль, премьер-министр Бинали Йылдырым конок катары катышкан жыйындын ачылышында сөз сүйлөгөнүн билдирген. Испания менен Түркиянын ортосундагы карым-катнаштардын абдан күчтүү экенин айткан Надаль, эки өлкөнүн ортосунда НАТО шериктештиги менен катар терроризмге каршы күрөшүүдө да чоң кызматташуунун бар экенин айтты.

«Ватан» гезити «С-400дөрдүн өндүрүшү башталды» аттуу маалыматында Орусиянын курал соодасы менен алектенген мамлекеттик ишканасы Рособоронэкспорттун жетекчиси Александр Михеев, Түркияга бериле турчу С-400 ракеталык коргонуу системаларын чыгара баштагандарын билдиргенин жазган.

«Стар» гезити «Түркияда болот өндүрүшү дүйнөлүк өндүрүшкө салыштырмалуу артты» деген маалыматында дүйнөлүк иштетилбеген болот өндүрүшү март айында 4 пайыз өсүп 148,3 миллион тоннага жеткенин билдирген. Түркиянын март айындагы иштетилбеген болот өндүрүшү болсо 7,6 пайыздык өсүү менен 3,4 миллиаон тонна болду.

«Хабер түрк» гезити «Биринчи тандоолору Түркия болду» аттуу маалыматында украиналыктардын 1 миллион 300 миң киши менен эс алууда эң көп тандаган өлкө Түркия болсо, 2017-жылы Түркиядан Украинага барган турист саны 270 миң кишиге жеткенин билдирген.



Тектеш кабарлар