Түрк басма сөзү 25.04.2018

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

958291
Түрк басма сөзү 25.04.2018

«Хабер түрк» гезити «Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясы өз ишине аткарсын, шайлоону Түркия өткөрөт» аттуу макаласында премьер-министр Бинали Йылдырым, Испаниянын премьер-министри Мариано Рахой менен өткөргөн жолугушуудан кийин маалымат бергенин жазган. Йылдырым, Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясынын Түркиядагы шайлоолордун жылдырылышы талабына байланыштуу: «Европа Кеңеши өз ишин аткарса жакшы болот. Шайлоону алар өткөрбөйт, Түркия өткөрөт. Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясы алгач террорист Салих Мүслимди сүйлөттүрбөсүн»,-деди.

«Сабах» гезити «Түркия 2002-жылдан бери 230 пайыз өстү» деген маалыматында вице-премьер Мехмет Шимшек Газиантепте Түркиянын оор күндөрдү артта калтырганын белгилеп, өлкөнүн экономикасынын 2002-жылдан бери 230 пайыз өскөнүн айтты.

«Ватан» гезити «Ирандыктар үчүн түрк тили сыймыктануу булагы» аттуу маалыматында Ирандын президенти Хасан Рухани: «Түрк тили бул жерлердин сыймыктануу булагы жана жыпар жыттуу гүлдөрүнөн болуп саналат»,-деп айтканын жазган. Иран президенттигинин веб-сайтында жарыяланган билдирүүгө караганда, Тебриз шаарындагы «Тахти» стадионунда элге кайрылган Рухани, өлкөсүндө түрк тилинин жайылтылышынын маанисине токтолду. Рухани түрк тили үчүн керектүү китептердин басылып чыгышын буйрук кылганын белгиледи.

«Хүррийет» гезити «Орусия дагы 5 түрк фирмага уруксат берди» деген маалыматында Орусиянын ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл боюнча федералдык кызматы (Россельхознадзор), дагы 5 түрк ишканасына Орусияга помидор импорту үчүн уруксат бергенин билдирген.

«Стар» гезити «Антальяга келе жатат» аттуу маалыматында 25-29-апрель күндөрүнүн аралыгында Антальяда биринчи жолу өтө турган жана Түркиянын эң ири авиация иш-чарасы болгон Евразия Эйршоу-2018 жырманкесинде Орусиянын коргоо ишканасы Алмаз-Алтей өз товарларын, ошондой эле техникалык мүмкүнчүлүктөрүн жана көрсөткөн кызматтарын тааныта турганын билдирген.



Тектеш кабарлар