Түрк басма сөзү-24.04.2018

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

957691
Түрк басма сөзү-24.04.2018

«Хабер түрк» гезити «Эрдоган, дүйнөлүк балдарды кабыл алды» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын 23-Апрель Улуттук эгемендик жана балдар майрамынын иш-чаралары үчүн 40 башка өлкөдөн келген балдарды Президенттик комплексинде коноктогонун жазган.

«Хабер түрк» гезити «Чавушоглунан бельгиялык кесиптешине ПКК эскертүүсү» аттуу маалыматында тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, «Тынчтыкты түзүү жана тынчтыктын улантылышы» темалуу БУУнун башкы ассамблеясынын жогорку деңгээлдеги жыйналышына катышуу үчүн барган АКШнын Нью-Йорк шаарында Бельгиянын вице-премьери жана тышкы иштер министри Дидье Рейндерс менен жолукканын жазган. Чавушоглу Рейндерске жикчил террор уюму ПККнын Бельгияда арткан иш-чараларына көңүл буруп, террордук уюмдарга каршы таасирдүү күрөш жүргүзүүсү керектигин баса белгиледи.

«Ватан» гезити «Зейбекчи Түркия-Орусия соодалык карым-катнаштарына баа берди» деген маалыматында экономика министри Нихат Зейбекчинин Түркия жана Орусиянын ортосундагы соодалык жана экономикалык карым-катнаштарды карып чыгуу үчүн Орусияга барганын жазган. Зейбекчи борбор шаар Москвада Орусия-Түркия өкмөттөр аралык комиссиясынын теңтөрагасы жана энергия министри Александр Новак жана Орусиянын айыл чарба министри Александр Ткачев менен жолукту. Новак менен болгон жолугушууда Түркия жана Орусиянын ортосундагы учурдагы соода жана экономикалык карым-катнаштарды караган Нихат Зейбекчи, эки өлкөнүн ортосундагы карым-катнаштарга карай оң багыттары каралганын жана маселелрдин чечилиши үчүн иш-аракеттердин чечкиндүүлүк менен уланганын белгиледи.

«Стар» гезити «Алиев Түркияга келет» деген маалыматында Азербайжандын президенти Илхам Алиевдин 24-25-апрель күндөрүндө Түркияга расмий сапар менен келе турганын маалымдаган. Сапар убагында президент Режеп Таййип Эрдоган жана Алиевдин жетекчиликтеринде Түркия-Азербайжан Жогорку деңгээлдеги стратегиялык кызматташтык кеңешинин жетинчи жыйналышы да ишке ашырылат. Сапарда Азербайжанда 2018-жылдын 11-апрелинде болгон президенттик шайлоолордон кийин президент Алиевдин ишке ашыра турган алгачкы чет өлкөгө сапары болуп саналат.

«Хүррийет» гезити «Түркияга англис агымы, Испаниядан аштык» деген маалыматында Англиядан Түркияга саякат пакеттерин сатуулардын 2018-жылы 84 пайызга өскөнүн маалымдаган. Англиянын «Томас Кук» изилдөө борборунун көрсөткүчтөрүнө караганда Түркияга саякат пакеттеринин сатылышы 2018-жылы көздөлгөн жерлер Испания жана Канар аралдарынан ашканын маалымдаган.



Тектеш кабарлар