Түрк басма сөзү 18.04.2018

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

953982
Түрк басма сөзү 18.04.2018

«Сабах» гезити «Эрдоган ирандык кесиптеши менен сүйлөштү» деген маалыматында президент Режеп Таййип Эрдоган менен Ирандын президенти Хасан Рухани телефон аркылуу сүйлөшүү өткөргөндөрүн билдирген. Телефондогу сүйлөшүүдө эки лидер, Сириянын жеринин бүтүндүгүнүн корголуусу жана кризиске туруктуу саясий чечүүчү жол табылышы үчүн Түркия, Иран жана Орусиянын Астана процессинин алкагында биргелеше аракет кылууларын улантуулары маанилүү экенин баса белгилешти. Сүйлөшүүдө Түркия менен Ирандын ортосундагы карым-катнаштардын барган сайын күчтөнгөнүнө ыраазы болгондорун да сөз кылышты.

«Йени шафак» гезити «Улуттук коопсуздук кеңеши Өзгөчө кырдаалдын дагы 3 айга узартылышын сунуштады» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилигинде чогулган Улуттук коопсуздук кеңеши жыйналыштан кийин жарыялаган билдирүүсүндө өкмөткө Өзгөчө кырдаалдын узартылышын сунуштаганын маалымдаган.

«Хиррийет» гезити «Эгейде болор иш болду дегенге уруксат берилбейт» аттуу маалыматында вице-премьер жана өкмөттүн катчысы Бекир Боздаг, Министрлер кеңешинин жыйынынан кийин маалымат бергенин билдирген. Боздаг Эгейдеги желек окуясы тууралуу: «Эгейдеги аралдарга байланыштуу талаштуу темалар абдан так. Түркиянын Эгейде болор иш болду деген нерсеге урусат беришин эч ким Түркиядан күтпөшү керек. Эгерде Греция ушундай ойлоп жатса Эгей деңизинин ичинде чөгүп кетет»,-деди.

«Ватан» гезити «Түркия үчүн баш тартылгыс» деген маалыматында энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Берат Албайрак, Германиянын борбор шаары Берлиндеги эки тараптуу жолугушууларынан кийин журналисттерге маалымат бергенин билдирген. Албайрак: «Эки өлкөнүн бири-биринин соода өнөктөшү катары өзгөчө орто эсеп менен 40 миллиард еврого жеткен соода көлөмү менен, Түркиянын импортунда экинчи, экспортунда биринчи орунда турган өлкө болгон Германия, Түркия үчүн баш тартылгыс абдан маанилүү өнөктөш болуп саналат»,-деди.

«Стар» гезити «Кытайда 2018-жыл Түркия туризм жылы башталды» деген маалыматында Кытайда Түркия туризм жылынын ачылышына катышкан маданият жана туризм министри Нуман Куртулмуш 2018-жылдын эки өлкөнүн ортосундагы карым-катнаштардын деңгээлин жогорулатуу жагынан бир мүмкүнчүлүк экенин белгилеп: «Түркия менен Кытайдын ортосундагы жакындашуунун, өнүккөн дүйнө тең салмактуулугунда жаңы тынчтык жана бакубаттыктын камсыздалышына салым кошуусун каалаймын»,-деди.



Тектеш кабарлар