Түрк басма сөзү 16.04.2018

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

952213
Түрк басма сөзү 16.04.2018

«Йени шафак» гезити «Эрдоган: Пенсилваниядагы сен дагы келесиң» аттуу макаласында президент Режеп Таййип Эрдоган Фетуллахчы террор уюмуна каршы (ФЕТӨ) күрөшүүдө чечкиндүүлүк билдирүүсүн айтканын жазган. Эрдоган партиясынын Малтепедеги 6-кезектеги курултайынын алдында сүйлөгөн сөз сүйлөөсүндө: «Ушул учурга чейин 80 мүчөсүн чет өлкөдөн алдык. Пенсильваниядагы (ФЕТӨнүн корбашчысы) сен дагы келесиң. Каалашынча оңго солго кыйшакта» ,-деди.

«Сабах» гезити «Йылдырым: өтө кеч калышты» деген маалыматында премьер-министр Бинали Йылдырым АК партиянын Тузладагы облусттук курултайында сөз сүйлөгөнүн билдирген. Йылдырым, АКШнын жетекчилигиндеги Сирияда режимге карай абадан операция тууралуу: «Батыш кокустан сириялык күнөөсүздөрдү эстеп кетти. Мыкаачыларга берилген кечиккен жооп болуп саналат»,-деп айтты.

 «Ватан» гезити «Столтенберг шериктештерди Түркияга дагы көбүрөөк колдоо көрсөтүүгө чакырды» деген маалыматында НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Анадолу агенттигине берген маалыматында, Түркиянын НАТО үчүн абдан маанилүү стратегиялык шериктеш экенин айтканын билдирген. Столтенберг НАТОнун Түркияга колдоо көрсөтүү жагынан чоң мүмкүнчүлүккө ээ экенине көңүл буруп: «Бардык шериктештерди Түркияга дагы көбүрөөк колдоо көрсөтүүгө чакырамын»,-деди.

«Хабер түрк» гезити «13 миң турист Мармариске келди» деген маалыматында Мугланын Мармарис району 2018-жылдагы туризм сезонун ылдам баштаганын билдирген. Учурда 13 миң турист эс алып жаткан райондун пляж жана көчөлөрү кыймылга кирди. Абанын жылуулугу 29 градус болгон райондо жергиликтүү жана чет өлкөлүк туристтер деңизге түшүп эс алышты.



Тектеш кабарлар