Түрк басма сөзү 13.04.2018

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

950640
Түрк басма сөзү 13.04.2018

«Йени шафак» гезити «Түркия АКШ менен Орусиянын ортосунда арачы» деген маалыматында Түркия Сириянын Дума аймагындагы химиялык курал менен кол салгандан кийин АКШ менен Орусиянын ортосунда күч алган араздашууда ортого түшүп кризистин согушка айланышына токоол болгон күч болгондугун жазган. Президент Р. Т. Эрдоган үч күндүк аралык менен орус жана АКШлык кесиптештери менен телефон аркылуу сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Кризисте  кайсы тарапта орун алгандыгы кызыгуу жараткан өлкө Түркия тарапсыз болууну тандап, тараптардын тынчтануусу үчүн аракет кылды.

«Ватан» гезити «Жергиликтүү камера Мехметчиктин көзү болду» деген маалыматында террор менен күрөшүүдө ата мекендик мүмкүнчүлүктөр менен чыгарылган аппараттар операцияларда ийгиликти арттырышууда. Түрк илимпоздору туманда же жарык аз болгон чөйрөдө көргөн камераларды чыгарды.

Тумандуу абадан пайдаланган террористтер аскерлерлерге тузак куруп жатышкан. Чыгарылган жергиликтүү жана улуттук камералардын жардамы менен иштеген чиптер дүйнөдөгүлөрдөн бир канча эсе дагы жакшы көлөмдө.

«Хабер түрк» «Black Watch Кушадасына келди» деген маалыматында круиз туризминин негизги борборлорунан Айдындын Кушадасы районуна Бахама желектүү Black Watch круиз кемеси менен 486 англис туристин келгендигин жазган.

Кушадасы Эгей портуна келген кемедеги туристтердин бир бөлүгү Ефес, Мария эне, Дидим жана Милет сыяктуу жерлерди кыдырышты, кээ бир жүргүнчүлөр да райондун борборунда соода кылышты. Туристтердин кызыгуусун тарткан Кушадасы бул жылы туризмде алтын сезонун жашайт.

«Сабах» гезити «2018 -  жылдын турист күтүүсү билдирилди» деген маалыматында Түркия отелчилер биримдигинин төрагасы Тимур Байындыр 2018 -  жылы Орусиядан Түркияга келе турган турист санында 20 пайыздык өсүүнүн болорун айткандыгын билдирген.  

Орусия жарандарынын бул жылдын алгачкы айларында жайкы мезгил үчүн жасаткан эрте резервациялардын өткөн жылдын ошол эле мезгилине караганда тур операторлору ТУИде 1, 5 эсе, Тез Тоур жана Пегас Туристикте 2 эсе, Интуристте 5, 6 эсе өскөндүгүн эске салган Байындыр, Орусиядан Стамбулга болгон билет резервация талаптарынын 30 -  апрель, 9 -  майда андан мурунку жылга караганда 102 пайызга өсүү болгондугун белгиледи.

«Стар» гезити «Бул түнү Мирач кандили» деген маалыматында мусулмандар кубаныч менен күтүп жаткан 2018  Мирач кандили бул түнү аткарыларын жазган. Азырети Мухаммеддин көккө чыгуу менен Алланын алдында кабыл алынышы деп билинген бул түндө колдор көккө ачылып дуа кылынат. Биринчи баскычта Азырети Мухаммед Месжид – и Харамдан Бейтүл -  Макдиске (Кудус) алып барылат. Бул баскычта түнкү жүрүш деген мааниде «Исра» деп аталган. Экинчи баскычты болсо Азырети Мухаммеддин Бейтүл  - Макдистен Аллага  жогорулашы түзөт.



Тектеш кабарлар