Түрк басма сөз 10.04.2018

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

947961
Түрк басма сөз 10.04.2018

«Ватан» гезити «Эрдоган, Путин менен Чыгыш Гута тууралуу сүйлөштү» деген маалыматында президент Р. Т. Эрдоган Орусиянын президенти В. Путин менен телефон аркылуу сүйлөшкөндүгүн билдирген. Сүйлөшүүдө эки тараптуу карым  - катнаштар менен Сириядагы акыркы абалдар каралды. Президент Эрдоган Дума жана Чыгыш Гутадагы кол салуулар тууралуу тынчсызданууларын билдирген сүйлөшүүдө жарандардын өлүмүнө бөгөт болуу жана гуманитардык жардамдардын жеткрилиши үчүн бирдикте иштөөнүн маанисин баса белгиледи.

«Хүррийет» гезити «19 фирма 23 проект үчүн колдоо алды» деген кабарында президент Р. Т. Эрдоган Бештепе улуттук маданият жана конгресс борборунда эсеп  - кысап кемчилигин чечүү үчүн ишке ашырылган проектини колдоого алуу системасы менен 135 миллиард лира инвестиция баасы болгон 23 инвестициянын колдоого алынарын айтткандыгын жазган.

 «Сабах» гезити «Энергетикада 5, 2 миллиард долларга кол коюлду» деген маалыматында  Борбору Түркия болгон Metcap Energy Investments менен борбору Катар болгон Fusion Dynamics Түркияда жалпы 5, 2 миллиард долларлык жаратылыш газ жана нефтехимия комплексинин инвестициясы үчүн протоколго кол коюлгандыгын жазган. Түркиянын полипропилен и полиэтилен экспортунун 30 пайызынчалык көлөмдүн бир бөлүгүн Түркияда өндүрүшөрүн баса белгилеген Metcap Energy Investmentsтин директору доктор Желал Метин : «Бул да Түркиянын жалпы импортун 1, 4 миллиард долларга азайтып, Түркия экономикасына маанилүү бир салым кошот»,- деди.

«Стар» гезити «Бурджон : Түркиячалык качкындарга жардам берген башка өлкө жок» деген кабарында БУУнун дүйнөлүк тамак  - аш жана айыл – чарба уюмунун чукул абал жана реаблитация бөлүмүнүн директору Доминик Бурджон жана коштоосундагы делегация менен Дүйнөлүк тамак  - аш, айыл  - чарба жана мал  - чарбачылык министрлигинин биргелеше иш алып баруусунун негизинде Османиедеги сириялыктар үчүн курулушу башталган теплица аянтында иликтөө жүргүзгөндүгүн жазган. Бурджон : «Түркиянын сириялык качкындарга карата мейман достугу менен аракеттерин кабыл алышыбыз керек. Түркиячалык ашыкча санда качкынга үй ээлик кылган башка бир өлкө жок»,- деди.

«Йени шафак» гезити «Абдан чоң толкундануу жаратты» деген маалыматта Милас  - Йатаган кургактык жолундагы бир эңиште Түркиянын эң кооз үңкүрлөрүнөн болгон жана Миластын жаркылдаган жылдызы Инжирлин үңкүрүнө тең келген башка бир үңкүрдүн табылгандыгын билдирген. Геополитикалык түзүлүшү жана устундары менен көңүлдөрдү бурган үңкүрдүн жетекчилер тарбынан жасала турган иштерден кийин Миласты туризмге ачуу күтүлүүдө. Жаңы ачылган үңкүр абдан чоң толкундануу жаратты. Аймак калкы тарыхый жана туристтик баалуулуктары менен алдыңкы планга чыккан Миласка жаңы бир табият шедевр болушун каалашкандарын билдирди.



Тектеш кабарлар