Түрк басма сөзү-05.04.2018

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

944939
Түрк басма сөзү-05.04.2018

«Йени шафак» гезити «Биргелешкен чечим чыгарылды, Сириянын жеринин бүтүндүгү боюнча бирдей пикирдебиз» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын кожоюндугунда борбор калаа Анкарада ишке ашкан Түркия-Орусия-Иран Үчтүк саммити аяктаганын маалымдаган. Эрдоган, Путин жана Рухани биргелеше маалымат жыйын өткөрүштү. Президент Эрдоган, аймакта бардык террордук уюмдарга бирдей мамиле кылынышы керектигин баса белгилесе, Ирандын президенти Хасан Рухани: «Калыбына келтирүү боюнча макулдаштык»,-деди. Орусиянын президенти Владимир Путин болсо: «Сириянын жеринин бүтүндүгү боюнча үч өлкө бирдей пикирде»,-деп айтты.

«Хабер түрк» гезити «Путин Эрдогандын Сирия үчүн жаңы сунушун жарыялады» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын Орусиянын президенти Владимир Путин жана Ирандын президенти Хасан Рухани катышкан үчтүк Сирия саммитинен кийин биргелеше маалымат жыйын өткөргөнүн маалымдаган. Путин, жыйналыш убагында президент Эрдогандын Сириянын жалпысында медициналык жардамга муктаждыгы болгондорго тез жардам жеткирилиши үчүн жумушчу тобу иш алып барышын сунуштаганын жана бул темада макулдашкандарын баяндады.

«Йени шафак» гезити «Сирия саммитинин жыйынтык билдирүүсү жарыяланды» деген маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын Орусиянын президенти Владимир Путин жана Ирандын президенти Хасан Руханинин Анкарада ишке ашырган Сирия темалуу саммиттен кийин биргелешкен билдирүү жарыяланганын баяндаган. Сирия темалуу лидерлер саммитинде Түркия, Орусия жана Ирандын Сириянын жеринин бүтүндүгүнүн корголушу үчүн «террор менен күрөшүү шылтоосунун астында аянтта жаңы чындыктар жаратылуусу жөнүндө» ар түрдүү демилгени четке каккандары баса белгиленди. 3-лидердин биргелеше өткөргөн жарыясында Руханинин чакыруусу боюнча андан кийинки жыйналыштын Иранда боло турганы да бөлүшүлдү.

«Сабах» гезити «ЕБнин делегациясы Түркияга келет» аттуу маалыматында Европа Биримдиги боюнча министр жана башкы сүйлөшүүчү Өмер Челиктин визасыз тартип темасында ЕБнин делегациясынын бул айда Түркияга келе турганын айтканын жазган. Челик Түркия Улуу Улуттук Межлисинин Тышкы иштер комиссиясында сүйлөгөн сөзүндө, визасыз тартип темасын ЕБ Комиссиясынын төрагасынын биринчи орун басары Франс Тиммерманс менен сүйлөшкөнүн белгилеп, «Алар биз берген (визасыз тартип тууралуу) кагаз тууралуу техникалык делегацияны ушул айдын ичинде Түркияга жөнөтүшөт, өз көз караштарын бизге билдиришет»,-деди.

«Сатр» гезити «Түркиянын берген маалыматтары аркылуу эки террордук кол салууга бөгөт койдук» аттуу маалыматында Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын (FSB) директору Александр Бортниковдун Эл аралык 7-Москва коопсуздук конференциясында сүйлөгөн сөзүндө Түркия жана АКШнын берген маалыматтары боюнча өлкөдө жаңы жылды белгилөөлөргө карата эки террордук кол салууга бөгөт болгондорун билдиргенин маалымдаган.



Тектеш кабарлар