Түрк басма сөзү-2.04.2018

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

942455
Түрк басма сөзү-2.04.2018

«Хабер түрк» гезити «Эрдоган; Эй Нетаньяху сен күчсүзсүң жана кызыксың» деген маалыматында президент жана АК Партиянын жетекчиси Режеп Таййип Эрдоган, Аданада элге кайрылганын жазган. Нетаньяхунун «Зайтун бутагы» кыймылын сындаганына каршылык көрсөткөн Эрдоган: «Эй Нетаньяху, сен аябай күчсүзсүң жана кызыксың. Өзүңдү оңдо. Сенин дартың террористтер эмес, Сен террор мамлекетисиң. Газада, Кудуста кылгандарың ортодо...Сени дүйнөдө эч ким сүйбөйт»,-деди. Конгрессте сөз сүйлөгөн президент Эрдоган, Нетаньяхуга карай, «Нетаньяху сен баскынчысың.Ошол эле убакта сен террористсиң»,-деп айтты.

«Сабах» гезити «Чавушоглунун АКШ билдирүүсү» деген маалыматында тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун АКШнын президенти Дональд Трамптын жикчил террор уюму ЙПГ/ПКК көзөмөлдөгөн аймактардын кайрадан курулушу үчүн бөлүнгөн 200 миллион доллардык жардамды токтотуу чечимин оң деп кабыл алгандарын айтканын баяндаган. Чавушоглу Диярбакырда, «ДЕАШтан тазаланган аймакта адамдардын дагы жакшы шарттарда жашашы үчүн бул акчалардын каржыланышы керек»,-деди.

«Ватан» гезити «Зейбекчи; экспортто бардык убактардын рекордуна жетиштик» деген маалыматында экономика министри Нихат Зейбекчинин жеке менчик бир телеканалга берген маалыматында күн тартипке токтолгонун жазган. Зейбекчи, 2018-жылдын биринчи чейреги үчүн өсүү божомолунун 6 пайыздан жогору болгонун белгиледи. Экспортто бардык убактардын рекордуна жетишкендерин айткан Зейбекчи: «Экспорт март айында өткөн жылдын бирдей эле айына салыштырмалуу 11,5 пайызга өсүп 15 миллиард 106 миллион долларга жетти. Тарыхтын эң чоң саны»,-деди.

«Стар» гезити «Энергетика соодасы жана камсыздоо саммити Стамбулда ишке ашат» деген маалыматында быйыл үчүнчүсү уюштурула турган Энергетика соодасы жана камсыздоо саммити ISTRADE 2018 , 9-10-апрель күндөрүндө Стамулда ишке аша турганын маалымдаган. Саммитти уюштурган Энергетика жарманкечиликтин билдирүүсүнө караганда, Энергетика жана жаратылыш ресурстары министрлиги менен Энергетика базарыын жөнгө салуу мекемесинин колдоосу менен уюштурула турган саммитте, энергетика соодасындагы маселелер, күн тартиптеги абалдар, күтүүлөр жана уюмдашкан базарлардын келечеги каралат.

«Хүррийет» гезити «Сезондун алгачкы крейсер кемеси! 1780 киши шаарга кирди» деген маалыматында Түркияда крейсер кемелеринин орто эсеп менен 75 пайызын тосуп алган Эгей Порт Кушадасы жүргүнчү портуна кечээ эртең менен «Celestyal Majesty» аттуу жүргүнчү кемеси токтогонун баяндаган. Бардыгы 1780 турист Кушадасы портунан шаарга кирди. Көпчүлүгү ЕБнин жарандары болгон туристтер таң заардан баштап алгач ажы болуш үчүн «Мариям Эне» туруна, анын артынан Эфес байыркы шаары боюня асаякатка катышты.



Тектеш кабарлар