Түрк басма сөзү-29.03.2018

Түрк басма сөзүнөн кыскача аалыматтар.

940219
Түрк басма сөзү-29.03.2018

«Сабах» гезити «Террористтер чыкпаса демилге көтөрүлөт» аттуу маалыматында кечээ президент Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилигинде Улуттук коопсуздук кеңешинин (УКК) жыйналышы өткөнүн билдирген. Жыйналыштан кийинки жазуу түрүндөгү жарыяда жикчил террор уюму ПКК/ПЙД-ЙПГга мүчө террористтер, басып алуу астындагы Сириянын Манбиж районунан чыгарылбаса Түркиянын демилге көтөрө турганы баса белгиленди.

«Хүррийет» гезити «Йылдырымдын экономика үчүн маанилүү билдирүүсү» деген маалыматында премьер-министр Бинали Йылдырым Стамбулда Инвестиция чөйрөсүнүн жакшыртылышы боюнча координация кеңешинин таанытуу жыйналышына катышканын билдирген. Ишканалардын курулуусуна чоң жеңилдик алып келгенин жарыялаган өкмөт башчы Йылдырым, жаңы фирма курулуусу үчүн 2250 лиранын ордуна 650 лира каржылана турганын билдирди. Өкмөт башчы стратегиялык инвестиция катары 128 миллиард түрк лирасындай жаңы инвестиция шыктандыруусун бекиткенин маалымдады.

«Сатар» гезити «Авиацияда жергиликтүү өндүрүүнүн күчү биригүүдө» аттуу маалыматында Түркиянын авиация тапмагында өндүрүүчү өлкө болуу максаты багытында жарандык авиация долбоорлорунда милдет ала турган тетик жана аппарат чыгаруучулар бир инвентарда чогултулаарын баяндаган.

«Ватан» гезити «Аныкталды, Түркияга келе жатат» деген маалыматында президенттиктин эгедерлигинде Антальяда 25-29-апрель күндөрүнүн аралыгында өткөрүлө турган Eurasia Air Show иш-чарасы жергиликтүү коргоо өнөр жайы фирмалары менен катар чет өлкөдөн да көп сандаган фирманы тосуп алаарын жазган. АКШга буюртмасы берилген жана 2019-жылдан тарта Түрк аба күчтөрүнө тапшырыла баштай турган F-35 согуштук учагы Түркияда алгач ирет Eurasia Air Show иш-чарасынын алкагында Антальянын ачык асманында көрүнөт.

«Йени шафак» гезити «Ири фирма Түркияга көчөт» аттуу маалыматында  Mondelez Internationalдын  Франциядагы St. Genest сагыз өндүрүүчү фирмасы толугу менен Түркияга көчө турганын маалымдаган. Фирманын Түркиядагы башкы директору Ихсан Карагөз көчүү иштеринин быйыл ишке аша турганын, була бал менен фирма үчүн Түркиянын аймактын экспорт базасы абалына айлана турганын аткан.

 



Тектеш кабарлар