Түрк басма сөзү 27.03.2018

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

938658
Түрк басма сөзү 27.03.2018

«Хабер түрк» гезити «Эрдогандан Европа Биримдигине билдирүү: күчтүү колдоо күтүп жатабыз» деген маалыматында Болгариянын Варна шаарындагы Түркия  - Европа Биримдиги саммитинде толук мүчөлүк процессинин улантылышы жана биримдиктин баса белгиленгендигин жазган. Президент Р. Т. Эрдоган саммиттен кийин берген маалыматында : «Террорго каршы операцияларыбыз Европанын да коопсуздугуна салымын кошууда. Биз эми террор менен күрөшүү сыяктуу маселелерде туура эмес сындарды эмес күчтүү колдоону күтүп жатабыз. Келгиле күчтүү, гүлдөп өскөн жана туруктуулуктун эстелиги Европаны бирдикте куралы»,- деди.

«Хабер түрк» гезити «Зайтун бутагы» операциясы Тель Рифат жана Манбиж менен улантылат» деген маалыматында түрк куралдуу күчтөрү жана Эркин Сирия Армиясынын «Евфрат калканы» менен башталып «Зайтун бутагы» операциясы менен уланткан, чек араларды террордук уюмдардан тазалоо операциясын Сирияда Тель Рифат жана Манбиж операциялары менен улантары, Халепке чейин 30 километр тереңдикте ишенимдүү бир аймак түзүлөрү белгиленди. Тель Рифат Миннаг аэропорту сыяктуу маанилүү бир логистикалык базага да үй ээлик кылып жатат.

«Йени шафак» гезити «Манбиж  түрк аскерин гүлдөр менен тосуп алат» деген маалыматында  Сирияда ПКК/ПЙД – ЙПГ жикчил террордук уюм басып алган аянттагы бир топ шаардан Түркияга : «Бизди террористтерден куткаргыла»,- деген чакырулар келип жаткандыгын жазган. Акыркы билдирүү Манбижден негизги уруулардын башчысы Абдулкерим ел Фаххелден келди. Фаххел элдин түрк куралдуу күчтөрү жана Эркин Сирия Армиясын күтүп жаткандыгын жана гүлдөр менен тосуп аларын айтты.

«Стар» гезити «Патриот сунушу Вашингтон өкмөтүнөн келди» деген маалыматында өкмөттүн катчысы Бекир Боздаг президент Р. Т. Эрдоган менен АКШнын президенти Дональд Трамптын ортосундагы сүйлөшүүдө  күн тартибинде каралган АКШнын Түркияга абадан коргонуу системасы Патриот ракеталарын  берүү темасына баа берди. Боздаг Патриот сатуу сунушунун Трамптан келгендигин айтты. Бозлаг : «Урматтуу Трамп президентибизге : «Биз силерге патриот бере алабыз»,- дегенде урматтуу президентибиз да Биз да абадан коргонуу системабызды түрдөнтө алабыз, Түркия катары АКШдан Патриот системасын алсак болот деген бир сүйлөшүү болду»,- деди.

«Хүррийет» гезити «АНКАнын учуп  - конуу системасы да улуттук болду» деген маалыматында түрк авиация жана космостук өнөр жай ТАИ өндүргөн жергиликтүү жана улуттук учкучусуз унаа аппараты АНКА ИХАнын учуп  - конуу системалары да улуттук система болгондугун жазган. Коргонуу өнөр жайы МЕТЕКСАН тарабынан чыгарылган системанын кабыл алуу тесттери ийгиликтүү өттү. МЕТЕКСАН учкучсуз унаа аппараттарынын автоматтык учуп  - конуу системаларына радар технологиясын колдонуу менен жана биринчи жолу улуттук болуп чыгарылган автоматтык учуп  - конуу системасын кабыл алуу тесттеринин аяктагандыгын жарыялады. Өлкө тышына көз карандылыктын жок кылынышы максатында башталган радар негиздүү проекти учкучсуз унаа аппараты менен байланышка өтүп, учуп – конуулардын коопсуз түрдө ишке ашырылышына мүмкүнчүлүк түзүүдө.



Тектеш кабарлар