Түрк басма сөзү-22.03.2018

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

935353
Түрк басма сөзү-22.03.2018

«Йени шафак» гезити «Түркиянын өзгөчөлүгү» аттуу маалыматында АКШ, Орусия жана Башар Асад режими Сирияда он миңдеген жаранга кыргын салып, операция жүргүзгөн Халеб, Ракка, Мусул жана Чыгыш Гута жашалгыс абалга айланганын жазган. Мехметчик (түрк аскери) болсо «Зайтун бутагы» кыймылында бир дагы жаранга зыян тийгизбегени сыяктуу Африндеги үйлөрдү да кулаткан жок. Түрк куралдуу күчтөрүнүн (ТКК) социалдык медиа каражатынан бөлүшкөн фотосүрөттөрү Сирия жана Иракта кулатылган шаарлар менен Африндин ортосундагы айырманы олуттуу түрдө көз алдыга жайды.  ТККнын дүйнөлүк коомдук пикир менен бөлүшкөн фотосүрөттөрүнүн астына бул белги коюлду: «Жаран/карапайым кишилер, чөйрө, тарыхый чыгармалар жана диний жана маданий түзүлүштөр ТКК үчүн кол тийилгис».

«Стар» гезити «Дүйнө жүзү Түркиянын жергиликтүү куралдарын таң калуу менен байкоодо» аттуу маалыматында Түркиянын заманбап согуштун жүзүн өзгөрткөн өзүнүн куралдуу учкучсуз учуучу аппараттарын (SİHA) өнүктүргөнүн баяндаган. Алгачкы чыккан операциядан бери чоң ийгиликтерге жетишкен жергиликтүү куралдуу учкучсуз учуучу аппараттар бүткүл дүйнөнүн көңүлүн бурду. Чек аранын ары жагына жүргүзүлгөн операциялар менен катар ийгилигине ийгилик кошкон жергиликтүү куралдуу учкучсуз учуучу аппараттарга экспорт жолу да ачылды. Байкар жана Катардын куралдуу күчтөрүнүн ортосунда кол коюлган келишимдин алкагында 1 жылдын ичинде 6 куралдуу Байрактар ТВ2 куралдуу учкучсуз учуучу аппарат платформасы, 3 жергиликтүү текшерүү станция системасы жана шаймандары менен куралдуу учкучсуз учуучу аппарат симулятору Катарга тапшырылат.

«Ватан» гезити «Жикчил террор уюму ПКК/ПЙД-ЙПГнын Түркияга аткан снаряд/ракеталары АКШдан чыккан» аттуу маалыматында Түрк куралдуу күчтөрүнүн (ТКК) жүргүзгөн «Зайтун бутагы» операциясында акырына жакындап калганда бул операция убагында чек аранын ары жагынан атылган снаряддардан келип чыккан өлүм окуяларын териштирген Килис Башкы прокуратурасы Түркиянын «ПКК/ЙПГнын Америка чыгарган куралдарды колдонгону» тезисин ырастаган маалыматтарга жеткенин маалымдаган.  Шаарда бир топ кишинин өлүмүнө жана жаралануусуна себепчи болгон кол салуулар убагындагы бардык далилдерди чогулткан Килис Башкы прокурорлугу, атылган снаряддардын Америкадан чыкканын белгиледи.

«Сабах» гезити «Түркия дүйнөлүк өлкөлөргө жан суусун ташыйт» деген кабарында таза сууга жетүү маселелери болгон дүйнө жүзүндө Түркия ишке ашырган долбоорлор жана казган кудуктар менен сууну сагынган адамдардын жүзүн жылмайтса, ачарчылык жана кургакчылык болуп жаткан Африка, Азия жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө жардам колун сунушун улантууда экенин жазган. Түрк уюмдары, гуманитардык жардамдар менен катар негизги жашоо булагы болгон сууга муктаж өлкөлөргө да жан суусу болууда. Борбору Түркияда орун алган 13 уюм жана мекеме, таза сууга муктаж өлкөлөрдө акыркы 5 жылда 9 миңден ашуун суу кудугун ачты, бир топ суу долбоорун ишке ашырды.

«Хабер түрк» гезити «Женк Тосун Бешикташты дагы Түркияны дагы өкүлдүк кылууда» аттуу маалыматында Англиянын премьер-лигасынан Эвертондо ойноп жаткан Женк Тосундун карьерасындагы жаңы мезгилде Бешикташты эле эмес, Түркияны да өкүлдүк кылып жатканын баяндаган. Женк Тосун клубдун түрк тилиндеги Твиттер барагына маалымат жазды. Женк Тосун футбол сүйүүчүлөрдүн көрсөткөн колдоолору өзүнө ишенүүсүн арттырганын баяндады.



Тектеш кабарлар