Түрк басма сөзү 16.03.2018

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

930995
Түрк басма сөзү  16.03.2018

«Йени шафак» гезити «Эрдогандан Меркелге куттуктоо» деген маалыматында президент Р. Т. Эрдогандын Германиянын канцлери Ангела Меркель менен телефон аркылуу сүйлөшкөндүгүн жазган. Кечээ кечинде өткөн сүйлөшүүдө эки тараптуу карым  - катнаштар, Түркия  - Европа Биримдиги карым – катнаштары менен аймактык темалар каралды. Президент Эрдоган Германияда федералдык өкмөттүн расмий түрдө ишин башташы жана канцлердик кызматына кайрадан келиши менен Меркелди куттуктап, ийгилик каалады.

«Сабах» гезити «Президентибиз Эрдоганга «жылдын мамлекеттик ишмери» сыйлыгы берилди» деген маалыматында Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Керектөөчүлөр бирикмеси президент Р. Т. Эрдоганды «Жылдын мамлекеттик ишмери жана адам укуктарынын ардактуу сыйлыгына» ылайык көрүлгөндүгүн жазган. Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Керектөөчүлөр биримдигинин «2018 ишкерлер сыйлыктары» жана «2018 басма сөз сыйлыктары» Лефкоша Ататүрк маданият борборунда өткөрүлгөн азем менен ээлерине тапшырылды. Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Керектөөчүлөр биримкмесинин төрагасы Хасан Йылмаз Ышык аземде сүйлөгөн сөзүндө президент Эрдоганды «Жылдын мамлекетик ишмери жана адам укуктарынын ардактуу сыйлыгына» ылайык көрүшкөндөрүн билдирди.

«Хабер түрк» гезити «Йылдырымдан БУУна реформа чакыруусу» деген маалыматында премьер  - министр Бинали Йылдырымдын Азербайжандын борбор шаары Бакуда өткөрүлгөн «6 -  Глобалдык Баку» форумунда сүйлөгөн сөзүндө БУУнун глобалдык маселелерди чече албагандыгын белгилегенин жазган. Йылдырым : «БУУнун атаандаштыкка эмес, маселе чечүүнү негиз кылып алган реформанын качылгыс бир муктаждык экендиги ортодо. Бир тараптан адамдар өлүп жатат, химиялык газдар колдонулууда. Бирок БУУнун Коопсуздук Кеңеши өлкөлөрдүн бири бири менен атаандаштык үчүн жарышына керектүү жоопту бере албай жатат, бул коркунучту токтотушубуз керек»,- деди.

«Хабер түрк» гезити «Челиктен Европа Парламентине катуу каршылык: террорго ачык түрдө жардам» деген маалыматында Европа Биримдиги министри жана башкы сүйлөшүүчү Өмер Челик Европа Парламентинин Түркиянын Афринден чыгууга чакыруу салгандыгына каршылык көркөткөндүгүн жазган. Челик Европа Парламентинин «Афринден чык» деген чакыруусу тууралуу маалымат берди. Афринден чык чакыруусунун террор менен күрөшпө деген мааниге келгендигин баса белгилеген Челик : «Түркия ПКК кол салуусуна учуругандан 15 – 20  жылдан кийин Европа Биримдиги ПККны күн тартибине алды. Эмне болсо болсун ПЙД/ЙПГ террордук уюм жана бул уюм ПКК менен бирдей»,- деди.

«Ватан» гезити «Түркия  -  Азербайжан  -  Грузия  - Иран келишти : жаңы транзит коридору түзүлүүдө» деген маалыматында Бакуда өткөрүлгөн Түркия  - Азербайжан  - Грузия -  Ирандын тышкы иштер министрлеринин төрттүк жыйынында Решт  -  Астара  темир жолунун Баку  - Тбилиси  -  Карс темир жолу менен бириктирилиши Ирандын Чабахар жана Бандар  - Аббас портторунан башталарын жазган. Инд океанын Европа менен бириктире турган жаңы транзит коридорунун түзүлүшүнө чечим чыгарылды.

 

 



Тектеш кабарлар