Түрк басма сөзү-14.04.2016

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

929898
Түрк басма сөзү-14.04.2016

«Хабер түрк» гезити «Түркия менен АКШ Менбич темасында келишти» аттуу маалыматында эки тараптуу жолугушууларды өткөрүү үчүн Москвага барган тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун АКШ менен 19-мартта боло турган жолугушуу менен Менбичтеги абалдын аныктала турганын айтканын баяндаган. тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу: «Жикчил террор уюму ПККнын Сириядагы уландысы ЙПГ Менбичтен чыгып кеткен соң АКШ жана Түрк аскерлери коопсуздукту камсыздайт»,-деди.

«Сабах» гезити«Түркия, Палестинанын премьер-министрине багытталган кол салууну катуу айыптады» деген маалыматында Түркия, Палестинанын премьер-министри Рами эл-Хамадаллахтын конвоюна карай Газзада болгон куралдуу кол салууну катуу айыптаганын жазган.  Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүнрдөгү жарыясында Палестинанын премьер-министри Хамадаллахтын конвоюна кечээ Газада болгон куралдуу кол салуунун катуу айыпталганы белгиленип, «Кол салууда жаракат алгандардын тез сакайып кетишин тилөө менен бирге, окуянын кылмышкерлеринин тез кармалышын күтүүдөбүз. Палестиналык туугандарыбыздын бул провокациялык кыймылга каршы биримдик жана ынтымактуу түрдө иш-аракет кылышын каалайбыз»,делди.

«Хүррийет» гезити «ОЕСDден Түркияга жакшы кабар» аттуу маалыматында экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюмунун (OECD) «Арадагы мезгилдин экономикалык көрүнүш отчету» жарыяланганын жазган. Мындан мурдагы отчетко караганда Түркиянын өсүү божомолун 2017-жыл үчүн 6,1 пайыздан 6,9 пайызга, 2018-жыл үчүн 4,9 пайыздан 5,3 пайызга, 2019-жыл үчүн 4,7 пайыздан 5,1 пайызга жогорулатканын маалымдаган.

«Ватан» гезити «90 пайызга артты! Голландиядан Түркияга» аттуу маалыматында Голландиядан быйыл Түркияга эс алууга келүүнү каалагандардын санында өсүү болгону белгиленгенин жазган. Голландия медиасынын Голландиянын Саякат агенттиктери биримдиги (ANVR) жана ар башка саякат агенттиктеринин жарыясына таяндырган кабарына караганда быйыл Түркияда эс алууну каалаган кардарлардын санында өсүү болгонун. ANVRдын басма сөз катчысы Түркияда эс алууну калагандардын санында 2017-жылдын январь айына салыштырмалуу 90 пайыз өсүү болгонун белгиледи.

«Стар» гезити «Улуттук капитансыз сүзүүчү кеменин чыгарылышы үчүн иш-аракет башталды» аттуу маалыматында Мерсиндин Текнопаркта иш алып барган ОЕS деңизчилик фирмасынын капитансыз сүзүүчү кемесинин жасалып чыгарылышы үчүн эмгектер башталганын маалымдаган. Толугу менен жергиликтүү тетиктер менен жасалып чыга турган капитансыз сүзүүчү кеменин 1 жылдан аз убакыттын ичинде бүткөрүлүшү максатталууда.



Тектеш кабарлар