Түрк басма сөзү 9.03.2017

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

926089
Түрк басма сөзү 9.03.2017

«Ватан» гезити» «Эрдоган Африн да террористтерден тазаланып ээлерине тапшырылат» деген маалыматында президент Р. Т. Эрдогандын Сириянын Африн аймагында жүргүзүлүп жаткан «Зайтун бутагы» операциясынын аймакты террористтерден тазалоо үчүн баштатылгандыгын айтканын жазган. Эрдоган Бештепе маданият жана конгресс борборунда үй  - бүлө жана социалдык саясаттар министрлигинин дүйнөлүк аялдар күнү программасында сүйлөгөн сөзүндө Жераблус сыяктуу Африндин да террористтерден тазаланып, ээлерине тапшырылыран айтты.

«Хабер түрк» гезити «Чавушоглунан Иракка чек аранын ары жагына операция сигналы» деген маалыматында тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу жикчил террордук уюм ПККга карата Ирак өкмөтү менен биргелеше чек аранын ары жагына операция жүргүзүлөрүн айткандыгын жазган. Эки тараптуу жолугушуулар үчүн Австрияга барган Чавушоглу Ирактагы шайлоодон кийин террордук уюм ПККга карата Багдат менен биргелеше чек аранын ары жагына операциянын жүргүзүлөрүн айтты. Чавушоглу биргелешкен операция тууралуу Ирактын премьер  - министри Хайдар ел  - Ибади менен сүйлөшүлгөндүгүн билдирди.

«Сабах» гезити «Улуттук коргоо министри Жаникли Венгрияда» деген маалыматында улуттук коргоо министри Нуреттин Жаникли расмий сапардын негизинде барган борбор шаар Будапештте Венгриянын коргоо министрлигине барды. Жаникли Венгриянын коргоо министри Истван Симиско менен жолугушуп, делегациялар аралык жолугушууга жетекчилик кылды. Жаникли : «Азыркы учурда  түрк куралдуу күчтөрү аймакта террористтерге каршы күрөшүүдө жана бул күрөшүбүз террористтер толугу менен жок болгонго чейин үзгүлтүксүз, чечкиндүү түрдө улантылат»,- деди.

«Стар» гезити «Түркияга ыраазыбыз» деген маалыматында Венгриянын коргоо министри Иства Симиско өлкөсү жана Европанын коопсуздугу үчүн Түркиянын кылгандарынан улам Түркияга рахмат айтты. Улуттук коргоо министри Нуреттин Жаникли венгер кесиптеши Истван Симиско эки тараптуу сүйлөшүүлөрдө мыйзам тышы мигарция жана терроризм маселесинин каралгандыгын белгилеп : «Венгрия менен Европанын коопсуздугу үчүн аткаргандарынан улам Түркияга ыраазыбыз»,- деди.

«Йени шафак» гезити «Жергиликтүү е  - почта келе жатат» деген маалыматында транспорт, деңизчилик жана кабарлашуу министрлигинин кеңешчи орун басары Галип Зерей Түркия илимий жана технологиялык изилдөө мекемеси ТҮБИТАК менен бирге жергиликтүү электрондук почта иштеринин алып барылгандыгын белгилеп : «Муну да жакында билдиребиз. Маалымтатардын Түркияда калышын, тышка кетпешин каалайбыз»,- деди.



Тектеш кабарлар