Түрк басма сөзү 6.03.2018

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

923715
Түрк басма сөзү 6.03.2018

«Стар» гезити «ПККнын Жер Ортолук деңиз кыялы жок болду» деген маалыматында Түрк куралдуу күчтөрү террордук уюм ПККнын Сириядагы уландысы ПЙД – ЙПГ басып алган Африндин Ражу аймагында текшерүүнү колго алгандыгын жазган. Ушундайча аймакта көп сандаган аскер, полиция жана жарандарды шейит кылган ПККнын Хатайдын Аманос тоолору аркылуу Жер Ортолук деңзине баруу кыялы ишке ашпай калды. Африндин ПЙД – ЙПГнин текшерүүсү астына өтүшүнөн кийин ПКК террористтери жай айларында Хатай элетине кирип кол салууларын улантып кышта болсо  ПЙД -  ЙПГ болуп Ражу, Шейх Хадид жана Бүлбүл аймактарына кайтып жатышкан.

«Ватан» гезити «Аккуюу атомдук станциясынын курулушу апрель айында башталат» деген маалыматында Орусиянын мамлекеттик атомдук энергия мекемеси Росатомдун төрагасы Алексей Лихачев Мерсинде Аккуюу атомдук күч станциясынын курулушунун апрель айында башталарын билдиргендигин жазган. Түркиянын биринчи атомдук станциясы боло турган жана 20 миллиард долларлык инвестиция салынары күтүлүп жаткан Аккуюу атомдук күч станциясы үчүн октябрь айынын акырына карай чектүү иш алып баруу уруксаты алынган болчу. 4 реактордон  тура турган Аккуюу атомдук станциясынын биринчи блогу 2023 – жылы, башка блоктордун да бир жылдык убакыт менен ишке кириши максат кылынууда.

«Хабер түрк» гезити «Орусияга мөмө- жемиш жана жашылча экспортунда максат абдан чоң» деген маалыматында Орусиянын калемпир, баклажан, анар жана кабак экспортуна карата чектөөнү бүгүн жойорун билдириши жашылча – жемиш жана мөмө экспортчусуна үмүт бергендигин маалымдаган. Түркиянын Орусияга болгон мөмө жана жашылча  - жемиш экспорту 2018 – жылдын биринчи 2 айында өткөн жылдын ушул эле мезгилине караганда 65 пайызга артып 66 миллион доллардан 109 миллион долларга жетти. Жылдарга карата каралганда Түркия Орусияга 2014 -  жылы 938 миллион доллар, 2015 -  жылы 877 миллион доллар, 2016 -  жылы 331 миллион доллар жана 2017 – жылы 638 миллион доллар экспорт кылган.

«Йени шафак» гезити «Ирандык 100 миң турист келет» деген маалыматында коңшу өлкө менен карым  - катнаштардын өнүктүрүлүшү жана таанытуулар менен өлкөлөрүндөгү эс алуу мезгилдеринде Ванга келүүнү тандаган ирандык туристтер кылган соодалары менен аймактын соодасын жандандыргандыгын билджирген. Жасалган резервациялар менен мейманканалардын толуу катнашы 80 пайызга жеткен шаарда ишкана ээси да «Ван соода күндөрү» фестивалы менен конокторун тосуп алууга даярданууда. Иранда Нооруз эс алуусу 18 - мартта  башталат жана 13 күнгө созулат.

«Сабах» гезити «Түркия инвестиция чөйрөсү мыкты болгон өлкөлөрдүн бирөөсү» деген кабарында Дүйнө банкынын өлкөлөргө карата экологиялык, инвестиция, табигый булактар, маркет, технология жана маркаларды изилдөөсүндө 2018 – жылы инвестиция чүйрөсү мыкты өлкөлөр тизмеленди. Тизмеде Түркия да орун алды. Дүйнө банкы даярдаган тизмеде Түркиянын Европа өлкөлөрүн артта калтыргандыгы байкалды.



Тектеш кабарлар